Нарын облусунда алдын алуу жумуштары аткарылууда.

0
108 просмотров

Жылдын жаз-жай айларында аба ырайынын туруксуздугунан күтүлүүчү сел агындарынын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 300 литр дизелдик күйүүчү май жана 16 даана темир-бетон шакекчелери бөлүнүп берилип, Нарын районуна караштуу Достук айылынын күн чыгыш тарабында узундугу 1000 метрди түзгөн сел алып өтүүчү каналды казуу иштери аткарылууда. Аталган иштерге Достук айыл аймагынын күч каражаттары тартылды. Аткарылуучу жумуштун натыйжасында Достук айылынын Келечек жана Алтын Бешик көчөлөрүндөгү 15 турак-жай суу каптоодон корголот.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here