Жалал-Абад шаарындагы мунай иштетүүчү заводдо өрттү өчүрүүдө эрдик көрсөткөн кызматкерлерге Министрликтин мекемелик сыйлыктары тапшырылды

0
346 просмотров
Бүгүн, 2019-жылдын 24-май күнү КР ӨКМнин Жалал-Абад шаары боюнча бөлүмүнүн № 20 Өрткө каршы – куткаруу бөлүмүндө Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун катышуусунда “ЖНПЗ” КУА ЖЧКсынын мунайды иштетүүчү заводунда катталган өрт кырсыгын жоюуга катышкан кызматкерлерди сыйлоо аземи болду.
 
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Акматов Мамасалы, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Зиядинов Эрнист, КР ӨКМ ардагерлери, мекеме-уюмдардын жетекчилери жана КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын өздүк курамы катышышты.
 
Сыйлоо аземди ачып жатып, министр Нурболот Мирзахмедов төмөндөгүлөргө токтолду, “…..2019-жылдын 10-май күнү Жалал-Абад шаарындагы мунайды иштетүүчү заводтон чыккан өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчүлөр чыныгы эрдик көрсөтүштү. Жарылып кетүү коркунучунда турган жайдагы өрттү өз өмүрлөрүн тобокелге салып, эр жүрөктүүлүк, тайманбастык жана тактык менен тилсиз жоону өз убагында чектөөгө алып, өчүрүп калганыңыздар үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Буну менен сиздер жанында күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган бир топ ишканалардын объектилерин, 2000ге жакын жергиликтүү тургундардын өмүрүнө жаралган коркунучту алдын алдыңар, материалдык баалуулуктарды сактап калдыңыздар. Ошол көрсөткөн эрдигиңиздер үчүн, бүгүн тапшырылуучу министрликтин сыйлыктарына татыктуусуздар деп ойлойм. Адам өмүрү жоготуусуз болгондугу негизги ийгилик катары белгиленсе болот, бул аракет жалпыга жетип, коомчулук тарабынан жылуу пикир жана алкыштар айтылды. Ошону менен бирге, Жалал-Абад шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын жалпы биргеликте иш алып барып, техногендик кырсыктын өөрчүшүнө жол бербөөгө жасаган аракетиңерди баса белгилеп өткүм келет. Өзүмдүн атыман жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын атынан бардыгыңыздарга терең ыраазычылык билдирем!»,- деди Нурболот Мирзахмедов.
 
Аземдин жүрүшүндө төмөнкү кызматкерлер Министрликтин мекемелик сыйлыктары менен сыйланышты:
  КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы:
 
-башкармалыктын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери бөлүмүнүн улук офицери майор Кааров Русланбек Бараталиевич
 
-башкармалыктын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысы подполковник Шекенов Чынарбек Маданбекович
 Башкармалыктын Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №20- өрткө каршы-куткаруу бөлүгү:
 -техник-айдоочу прапорщик Өсөрбеков Өмүрбек Өсөрбекович
 -улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу улук сержант Артыков Кылыч Сайдинович
 -улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу улук сержант Якшибаев Саматбек Матраимович
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу сержант Урбаев Маратбек Ырысбекович
 -команда башчы-айдоочусу прапорщик Тургунбаев Замирбек Кочкорбаевич
 -техник-айдоочусу прапорщик Таштемиров Бакыт Тургучбекович
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу ефрейтор Жолдошбай уулу Алтынбек
 -техник-айдоочу прапорщик Ормонкулов Элдияр Белекбаевич
 -техник-айдоочу прапорщик Атабеков Артур Таалайбекович
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу сержант Джээнбаев Абдисатар Маматович
 -улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу сержант Сатимбаев Алмазбек Капарович
 -өрт өчүрүүчү-суучулу старшина Бекенов Чынгыз Абдихалилович
 -улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу улук сержант Аманов Арслан Садирбекович
 -улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу улук сержант Баеков Муратбек Назаралиевич
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу сержант Арзыбеков Эрлан Таштанбековичти;
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу сержант Бокошев Рысбек Анарбаевич
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу кенже сержант Абдукадыров Бексултан Абдырахманович
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу кенже сержант Кенешов Бекболот Арапович
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу кенже сержант Рахманов Медербек Жанышбекович
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу кенже сержант Турдубаев Бегалы Абдыкалыкович
 -улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу улук сержант Оторов Рашид Абдужалилович
 -улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу улук сержант Металиев Батырбек Жапарович
 -прапорщик Жакибалиев Одилбек Маматалиевич
 
Башкармалыктын Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №58- өрткө каршы-куткаруу бөлүгү:
 -бөлүмчө командири Байканов Азизбек Кадыралиевич
 -өрт өчүргүч автоунаанын айдоочусу Мурзабаев Нурланбек Касымович
  -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Ниязалиев Арнали Семетеевич
 -өрт өчүргүч автоунанын айдоочусу Султанов Шавкатбек Рашидович
 -бөлүмчө командири Капаров Кадырбек Абдиллазизович
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Заирбек уулу Аскарали
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Ботобеков Рысбек Осмонбекович
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Мамытов Жоодарбек
 Башкармалыктын Аксы району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №30-өрткө каршы-куткаруу бөлүгү:
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу сержант Орозбаев Чынгыз Дурусбекович
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу кенже сержант Карабашев Нурболот Туташович
 Башкармалыктын Ноокен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №55-өрткө каршы-куткаруу бөлүгү:
 -өрт өчүргүч автоунаанын айдоочусу Ботобеков Камбарали Сарыбашович
 -өрт өчүрүүчү- куткаруучусу Мурзакулов Өмурбек Ырысбекович
 -бөлүкчө командири Авазбеков Залкарбек Чыныбекович
 -бөлүкчө командири Карабаев Илязбек Султаналиевич
  Башкармалыктын Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү:
  -бөлүмдүн башчысы-полковник Карабеков Алманбек Ниязалиевич
 -өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери капитан Иманов Айбек Кабилжанович
 Башкармалыктын Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №54 өрткө каршы-куткаруу бөлүгү:
 -бөлүмчө командири Маатов Эркин Акбаралиевич
 -өрт өчүрүүчү автоунаанын айдоочусу Мамашов Кадырбек Орозбаевич
 Башкармалыктын Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №59 өрткө каршы-куткаруу бөлүгү:
 -кароол башчысы Калымуратов Адылбек Токторбайевич
 -бөлүк башчысы Нишанов Бакытбек Бекташович
 Башкармалыктын Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №65-өрткө каршы-куткаруу бөлүгү:
 -өрт өчүрүүчү- куткаруучусу Тойчиев Ихтияр Бахтиярович
 -бөлүмчө командири Маткеримов Эмилбек Абдибакиевич
 Башкармалыктын Базар-Коргон району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №78- өрткө каршы-куткаруу бөлүгү:
 -өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Карамурзаев Азатбек Мамакадирович;
КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы:
 -№13-өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу прапорщик Тургунбаев Низамидин Эргешович;
 -техник-айдоочусу прапорщик Эргешов Бекболот Матазимович
  КР ӨКМдин басма сөз кызматы
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here