2019-жылдын 27-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
106 просмотров

27-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

 Ысык-Көл облусу

Тоң району. 2019-жылдын 26-май күнү саат 06:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 139-чакырымында (Боом капчыгайы) болжол менен 20м3 таш кулаган. Жол каттамы ачык. Таш кулоонун кесепетинен Howo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын алдынкы бөлүгү зыянга учураган. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

 Кырсыктын кесепетин жоюуга  №32 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 самосвал, 1 эвакуатор жана 8 кызматкер тартылган.

26-май күнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 10:30да толук тазаланган.  Жабыркаган унаа өз багыты боюнча кеткен.

2019-жылдын 26-майы саат 08:00дөн 27-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1. 4-АӨКБ

1 б

1 17:41 17:46 18:05 18:49 19:02   Ленин району. Үмөталиев көчөсү №35. Кафенин аба сордургучунун ичинде 10 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

1топ ГТКК

2. 4-АӨКБ

1 б

1 19:42 19:51 20:28 20:57 21:23   Ленин району. Ахунбаев көчөсү №187. Көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1988-жылы туулган А. Э. аттуу эркек адам түтүнгө ууланып, Бишкек шаардык №4  ооруканага жеткирилген (абалы жакшы). Өрттүн келип чыгуу себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ

1топ ГТКК

Ош шаары
3. 12-АӨКБ

1 б

1 11:26 11:34 11:38 11:47 12:30   Мамажанов көчөсү №5.  Турак үйдүн ашканасынын 5 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
4. 13-АӨКБ

1 б

1 22:54 23:00 23:04 23:11 23:25   Монуев көчөсү. Темир кампанын ичинде стол жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
5. 32-ӨКБ

1 б

 

1 11:40 11:58 12:30 12:50 13:13   Ысык-Көл району. Чоктал айылы, Усубакунов көчөсү №40. Жол боюнда  электр карагайы күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
Чүй облусу
6. 15-АӨКБ

1 б

1 22:50 21:06 21:10 21:20 21:38   Москва району. Беловодск айылы, Промзона көчөсү. Ачык аянтта 30 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Талас облусу
7. 17-АӨКБ

1 б

1 б

1 22:19

22:25

22:26

22:32

23:10 00:50 01:00

23:35

  Талас шаары. Панфилов көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 100 чарчы метр чатыры, 200 түк чөп жана 1 КамАЗ фасол сабагы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон:

                                  Бишкек шаары

                          Октябрь району. 2019-жылдын 26-май  күнү саат 12:28де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 10-кичи райондо жайгашкан №21 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

                               Чүй облусу

                                    Сокулук району. 2019-жылдын 27-май  күнү саат 07:52 Краснодарский көчөсүндө жайгашкан кудуктун (люк) ичине 1975-жылы туулган Л.А. аттуу эркек киши түшүп кеткен. КР ӨКМнин №23 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары эркек кишини кудуктан чыгарышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Абалы канаттандыраарлык.

 Аламүдүн району. 2019-жылдын 26-май  күнү саат 16:39да Арашан айыл аймагынын Чуңкурчак капчыгайында 2 адам тоонун бооруна жөө чыгышып, кайра түшө албай калышкан. КР ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жерине барышып, 2 адамды тоодон түшүрүшкөн  Абалдары жакшы.

 Жалал-Абад облусу

 Жалал-Абад шаары. 2019-жылдын 26-май  күнү саат 22:58де КР ӨКМнин №58 Өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Спутник кичи районунун Жеңижок көчөсүндө  жайгашкан №50 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Нарын облусу

 Кочкор району. 2019-жылдын 26-май  күнү саат 23:50 чамасында Кочкор-Кум-Дөбө унаа жолунун 18-чакырымында (Ак-Жар айылы) Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип оодарылган. Унаанын ичинде 3 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жеңил жаракаттарды алган. КР ӨКМнин

 №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тез жардам кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жабырлануучуларга жардам көрсөтүшүп, Кочкор райондук ооруканага жеткиришкен. Абалдары жакшы.

 Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 2 жолу жер титирөө катталган

         Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 26-май күнү саат 05:47де Кыргыз Республикасынын Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Ноокат, Борбаш, Кара-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

         Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 27-май күнү саат 00:33тө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here