Ала-Бука районунда командалык-штабдык машыгуу башталды

0
319 просмотров

2019-жылдын 29-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда командалык-штабдык машыгуу башталды.

Командалык-штабдык машыгууга Ала-Бука районунун жетекчилик курамы, Жарандык коргонуу жана Көчүрүү комиссиялары, Жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыярдуу куткаруучу топтору менен жана атайын техникалары менен катышууда.

Жалпысынан командалык-штабдык машыгууга 37 оор жана атайын техника, 170 адам тартылды.

Машыгуунун жүрүшүндө атайын тактикалык машыгуулар жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында практикалык иш-чараларды аткаруу пландалууда.

2019-жылга бекитилген даярдык мерчеминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү – облустук Жарандык коргонуу башчысынын 2019-жылдын 20-майындагы №274-б буйругуна ылайык өткөрүлүүдө.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here