Балдардын коопсуздугу өзүбүздүн колубузда

0
955 просмотров

2019-жылдын төрт ай ичинде республика боюнча 950 өрт кырсыгы катталып, өрттөн 23 адам каза тапкан, анын ичинен 3 — жаш бала. КР ӨКМдин Өрттү алдын алуу жана өчүрүү башкармалыгынын башчысы майор Равшанбек Аширбеков билдиргендей, өрттүн жалпы көрсөткүчүнөн 5,7 пайызы балдардын от менен ойноосунан келип чыккан. “Жалпы 950 өрт кырсыгынын ичинен 54 өрт — бул  өрттүн себеби болуучу буюмдар менен балдар ойноп жатып, өрт чыгып кеткен учурлар. Маселен, ширенке, зажигалка жана ушундай сыяктуулар. Тилсиз жоодон 3 бала каза болуп, 2 бала жабыр тарткан — мындай кырсык албетте,  жүрөк оорутат. Ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбоону жана өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүүнү эскертебиз”, — деди майор Р.Аширбеков. Ошону менен бирге, ӨКМдин адистери  жайкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарылчылыгын эскертишет:

         бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

         күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

         балдарды кароосуз калтырбагыла;

         күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

         электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

         тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

         өрткө кооптуу учурда от жакпагыла жана калдыктарды өрттөбөгүлө;

Тоодо же токойдо жүрсөнүздөр:

          кетип бара жатып отту суу менен өчүргүлө жана очоктогу оттун күлүн топурак менен аягына чейин көмүп койгула;

         токойго бензин синип калган жана май болгон материалдарды калтырбагыла;

         айнектин сыныктарын жана бөтөлкөлөрдү калтырбагыла, күндүн нурлары менен чагылышып өрттүн булагы болушу мүмкүн;

         тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

          жаңы чыккан өрттү суу менен өчүргүлө жана үстүнөн ийне жалбырактуу дарактардын бутактарын  жана топуракты таштагыла.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here