Баткенде «Балдарды коргоо күнүнө» карата ӨКМдин кызматкерлери мектеп интернатын окуучулары менен жолугушту  

0
578 просмотров

КР ӨКМнин  Баткен  облустук башкармалыгы тарабынан 1-июнь «Балдарды коргоо күнүнө» карата Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы көмөкчү мектеп интернатында майрамдык иш-чарасы белгиленди.

Майрамдык иш-чара учурунда КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери  балдардын коопсуздугун алдын ала коргоо максатында, жайкы эс алууда суудан сактануунун эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Окуучуларга белек тапшырып, каалоо тилектерин айтып келишти.

Тарыхка токтоло кетсек:

1949-жылы БУУнун атайын сессиясында 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү деп кабыл алынган, ошондон бери майрам катары белгиленип келүүдө. Тарых-таржымалына келип токтоло кетсек, 1949-жылдары «Балдарды коргоо» көйгөй болуп абдан актуладуу маселелердин бири болгон. Себеби согуштан кийинки ачкачылык жылдары көптөгөн балдар, ата-энесин жоготуп, кароосуз калышып, ар кандай жугуштуу оорулар, балдар арасында кылмыштуулук, кырсыктар жана башка жагымсыз жагдайлар пайда болуп, андан коргоо үчүн белгиленген.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here