Министр Нурболот Мирзахмедовдун Кыргыз   Республикасынын   Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен аскер кызматчыларын куттуктоо сөзү

0
362 просмотров

Урматтуу аскер кызматчылары!

              Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан өлкөбүздүн бардык аскер кызматчыларын Кыргыз   Республикасынын   Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен  чын жүрөктөн куттуктайм!

            Ошондой эле, аскер кызматындагы бардык  кызматкерлердин ар бирине бекем ден соолук, узун өмүр, кызматыңыздардын ийгиликтүү болушун тилеп, үй бүлөңүздөрдө ынтымак,  жергебизде  тынчтык, элибизде келечектүү бактылуу турмуш болсун дегим келет.

         Кандай  учур болсо да, элибиздин бейпилдигин, жергебиздин гүлдөп өсүшүн камсыз кылууга өз салымын кошуп келе жаткан оор дагы, жоопкерчиликтүү  дагы ишиңиздерде   ар дайым ийгиликтер артылып турсун деп тилейм.

           Сиздер милдетиңиздерди так жана  кынтыксыз аткаруу менен өлкөбүздүн кадыр баркын арттырууга  канчалык кызмат кыларыңыздарды   белгилеп, эл аралык мамиледе дагы ар дайым  улуу кыргыз көчүнүн  даңктуу баатырдык  жолун улантуу менен ата бабаларыбыздын алдындагы милдетибизди актап, өз  мезгилибиздин намыстуу уул — кыздарынан болсоңуздар деген каалоомду билдирем.

           Дагы бир ирээт, майрамыңыздар куттуу болсун, Жараткан өзү колдоп,  жергебизге тынчтык консун! Ар бир күнүңүздөр ийгилик менен коштолуп, бардык кыйынчылыкты жеңе билген  улуу элдин урпактары  болуп кала бериңиздер!

         Терең урматтоо менен,

  Кыргыз  Республикасынын

  Өзгөчөкырдаалдарминистри                 Н.С.Мирзахмедов 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here