Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

0
25 просмотров

1-июнда күндүз жана 2-5-июнда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 1-июнда күндүз Кыргызстандын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 2-3-июндарда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июндарда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-июндарда кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз  төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 2-5-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

30-31-майда жана  1-3-июнда  Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

30-31-майда жана 1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.  Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

1-июнда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

2-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында,  Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 3-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-3-июндарда Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

 4-5-июнга Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

 4-5-июнда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы  күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

30-31-майда жана 1-июнда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

 30-31-майда жана 1-июнда  жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-майда шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет, 1-июнда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

 30-31-майда жана 1-июнда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

30-31-майда жана 1-июнда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-майда шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет , 1-июнда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here