2019-жылдын 30-майы  саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
135 просмотров

Шашылыш билдирүү!

  2019-жылдын 1-июнда күндүз жана 2-5-июндарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 1-июнда күндүз Кыргызстандын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 2-3-июнда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2-5-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга  байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

30-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

2019-жылдын 29-майы саат 08:00дөн 30-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.     5-АӨКБ

1 б

1 10:23 10:35 10:41 11:15 11:48   Октябрь району. Ч.Айтматов көчөсү №82. Ачык аянтта 1 га куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
2.     4-АӨКБ

1 б

1 18:19 18:26 18:30 18:40 19:02   Ленин району. Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Фольксваген транзит”                        үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү, ички салону толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
3.     5-АӨКБ

1 б

1 б

АШ

ШТАБ

1  

21:33

21:37

21:33

21:40

 

21:39

21:46

21:39

21:50

22:05 23:03  

23:42

22:54

23:38

23:40

  Биринчи Май району. Ч. Айтматов проспектиси №4. Жаңы салынган көп кабаттуу үйүнүн 10-кабатында жыгач устундар жана тактайлар күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска чыналышуусу. 2ствБ
4.     3-АӨКБ

1 б

1 б

 

1  

05:10

05:18

 

05:17

05:25

05:41 07:00     Свердлов району. Сүйүмбаев көчөсү №259. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн жана бастырманын жалпы 170 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
Ош шаары
5.     12-АӨКБ

1 б

1 18:38 18:42 18:48 18:59 19:30   Ленин  көчөсү №351а. Жол боюнда 300  чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
Ош облусу
6.     25-АӨКБ

1 б

1 15:40 16:36 17:00 17:19 18:18   Кара-Суу району. Отуз-Адыр айыл аймагы, Тажибай айылы, Маданият көчөсү. Мүрзөдө 3 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: балдардын от менен ойноосу. кол каражат
7.     13-АӨКБ

1 б

1 01:49 02:05 02:35 03:10 03:53   Кара-Суу району. Мады айыл аймагы,  Чагыр көчөсү №1. Жалпы аянтты 320  чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 2 ствБ
Чүй облусу
8.     23-АӨКБ

1 б

1 17:42 17:52 18:12 18:25 1835   Сокулук району. Шопоков шаары, Завод көчөсү №3. Турак үйдүн 12  чарчы метр шыбы жана муздаткыч күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска чыналышуусу. 1ствА
9.     28-АӨКБ

1 б

1 00:52 01:25 01:34 02:16 02:46   Аламүдүн району. Приборист айылы, 3- линия көчөсү №349. Турак үйдүн 50  чарчы метр  ички жасалгасы жана үй тиричилик электр буюмдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Жалал-Абад облусу
10.       57-ӨКБ

1 б

1 16:35 16:45 16:53 18:05 18:25   Таш-Көмүр шаары. Кызыл-Алма айылы, Нарын дарыясынын жээгинде 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу. 1ствБ
11.       78-ӨКБ

1 б

1 17:05 17:22 17:25 18:04 18:34   Базар-Коргон району.  Бешик-Жоон айыл аймагы, Бешик-Жоон айылы. Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 20  чарчы метр  чатыры жана 80 түк чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
12.       46-ӨКБ

1 б

1 б

1 20:27

20:50

20:35

20:53

20:38 21:37 22:15

21:25

  Тогуз-Торо району. Казарман айылы, Бердалиев көчөсү №жок. Бастырманын алдында жыйылган 170 түк чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон:

Ош шаары

 2019-жылдын 29-май күнү саат 10:07де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан №26 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл облусу

 Ак-Суу району. 2019-жылдын 29-май күнү саат 12:07 чамасында Жыргалаң-Каракол унаа жолунун 46-чакырымында (Жыргалаң айылы) Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, тосмого илинип калган. Унаанын ичинде 5 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. КР ӨКМнин Тоо-кен куткаруу кызматынын №7 Өзүнчө мобильдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен.

Каракол шаары. 2019-жылдын 29-май күнү саат 17:40 чамасында Пристань-Пржевальск айылында 2004-жылы туулган А. Э. аттуу бала көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат “102” кызматынан түшкөн. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМнин Каракол шаардык №15 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук №31 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн суучулдары, жалпы ӨКМден 9 куткаруучу тартылып,    издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 19:57де маркумдун жансыз денеси көлдүн жээгинен табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Чүй облусу

Ысык-Ата району. 2019-жылдын 29-май күнү саат 15:16да  КР ӨКМнин №27 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнун куткаруучулары Кант шаарынын 2-кичи районунда жайгашкан №9А үйдүн батиринин жабылып  калган эшигин ачып беришкен.

Сокулук району. 2019-жылдын 29-май күнү саат 21:30 КР ӨКМнин №23 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Шопоков шаарчасындагы Западный көчөсүндө жайгашкан №2 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

 Нарын району. 17-май күнү Миң-Булак айылында Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен. 29-май күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин  №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылып, натыйжа болбогондуктан саат 17:10до издөө иштери убактылуу токтотулган. 30-май күнү улантылат.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here