2019-жылдын 31-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
130 просмотров

Шашылыш билдирүү:  туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

  2019-жылдын 1-июнунда күндүз жана 2-5-июнда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 1-июнда күндүз Кыргызстандын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 2-3-июнда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 2-5-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга  байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 30-май күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

31-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

2019-жылдын 30-майы саат 08:00дөн 31-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1. 6-АӨКБ

1 б

1 08:43 09:51 10:13 10:53   Биринчи Май району. П. Лумумбы көчөсүндөгү №15/78 үйдүн жанындагы жолдун жээгинде 80 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
2. 5-АӨКБ

2 б

1 11:14

11:17

11:28

11:29

11:38 11:50 13:40

12:07

  Октябрь району. Көк-Жар кичи району №3 үй, 5-батир. Балкондун 15  чарчы метр  аянты күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1973-жылы туулган Ш.Г. аттуу аял каза болгон. Өрттүн келип чыгуу себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 2ствБ
3. 4-АӨКБ

1 б

1 16:47 16:55 17:04 17:25 17:56   Биринчи Май району. Ак-Муз көчөсү №30. Тигүүчү цехтин ичинде 12  чарчы метр аянттагы кездемелердин калдыктары күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
4. 6-АӨКБ

1 б

1 19:19 19:32 19:42 20:16 20:40   Ленин району. Ак-Өргө конушу, Курманжан Датка көчөсү №255. Жыгач устундуу темир жабылган курулуш чарбанын 25  чарчы метр  чатыры, 1 м3 отун жана 5 түк саман күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
5. 5-АӨКБ

1 б

АШ

1 22:35

22:35

22:48

22:48

жеткенге чейин 23:39

23:06

  Октябрь району. Улан-2 кичи району №2/12, 104-батир. Ашканада газ плитада тамак-аш көзөмөлсүз калган.
6. 5-АӨКБ

1 б

 

1 00:54 01:04 01:37 02:19 02:59   Октябрь району. Улан-2 кичи району, №41 гараждын ичинде керексиз буюмдар жана тегерегиндеги 20  чарчы метр  таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ош шаары
7. 29-АӨКБ

1 б

1 00:07 00:09 00:14 00:28 00:40   Амир-Тимур кичи району. 114-көчө. Ачык аянтта 10  чарчы метр  куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
8. 27-АӨКБ

1 б

1 09:07 09:10 09:12 09:20 09:40   Ысык-Ата району. Кант шаары, Гагарин көчөсү №48/3. Кампанын 4  чарчы метр чатыры жана 1 даана кир жуугуч машина күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
9. 8-АӨКБ

1 б

1 11:54 12:07 жеткенге чейин 12:35   Аламүдүн району. Айланма унаа жолунда “Митцубиси-Каризма” үлгүсүндөгү  унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
10.       22-АӨКБ

1 б

1 17:59 18:04 18:16 18:38 19:03   Жайыл району. Кара-Балта шаары, Краснодар көчөсү №1. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 8  чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Нарын облусу
11.       45-ӨКБ

1 б

1 23:04 23:27 тастыкталган жок 00:30   Ат-Башы району. Терек-Суу айылы, Чукиев көчөсү №13. Турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.

 

Талас облусу
12.       93-ӨКБ

1 б

1 12:33 13:20 13:35 13:50 15:14   Бакай-Ата району. Боо-Терек айылы. Ачык аянтта 100  чарчы метр бадалдар күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. кол каражат м-н
13.       100-ӨКБ

1 б

1 13:14 13:17 13:22 13:27 14:07   Манас району. Покровка айылы, Ажибек Датка көчөсү №192. Короодо 50  чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу. 1ствБ
14.       17-АӨКБ

1 б

1 14:49 14:56 15:15 15:25 15:32   Талас шаары. Ч. Айтматов көчөсү №479. Короодо 45  чарчы метр  куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
15.       100-ӨКБ

1 б

1 14:58 15:20 15:33 15:43 16:20   Манас району. Жийде айылы. Ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствА
Жалал-Абад облусу
16.       20-АӨКБ

1 б

1 12:44 12:56 13:13 13:21 13:55   Жалал-Абад шаары. Абрахманов көчөсү №39. Аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
17.       83-ӨКБ

1 б

1 21:20 21:28 21:35 22:02 22:22   Майлуу-Суу шаары.  Ленин көчөсү №64. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 10  чарчы метр чатыры жана таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Баткен облусу
18.       108-ӨКБ

1 б

1 12:59 13:09 14:00 14:25 15:55   Лейлек району. Кулунду айыл аймагы, Кулунду айылы, Ч. Айтматов көчөсү №49. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 60  чарчы метр  чатыры  жана 90 боо чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон:

                                            Бишкек шаары

 Октябрь району. 2019-жылдын 30-май күнү саат 18:25де Политехнический көчөсүндө жайгашкан №79 балдар бакчасынын оюн аянтчасында жылан жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, жыланды кармашып эл жок жерге алып барып ташташкан.

 Ош шаары

 2019-жылдын 30-май күнү саат 23:36да  КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Алай көчөсүндө жайгашкан №26 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош облусу

 Кара-Суу району. 27-май күнү саат 23:00 чамасында Төлөйкөн айыл аймагында 2012-жылы туулган М.Н. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон. Туугандарынын айтуусу боюнча бала Кайырма каналына түшүп кетиши мүмкүн экендигин билдиришип, издеп берүүнү суранышкан. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМден 20 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжа болбогондуктан туугандарынын ыраазычылык катынын негизиде издөө иштери 30-май күнү саат 13:30да токтотулган.

 Чүй облусу

 Аламүдүн району. 2019-жылдын 30-май күнү саат 14:21 чамасында Ала-Арча суу сактагычына 1984-жылы туулган А.Р. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына келип түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине  КР ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, саат 15:47де маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here