Балдардын коопсуздугу өзүбүздүн колубузда!

0
622 просмотров

Эл аралык 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде “Балдарды кырсыктардан коргойбуз” аттуу бир жумалык акциясы жарыяланган.
Бул иш-чаранын максаты –жаш өспүрүм балдарды ар кандай кырсыктардан коргоо, балдарга карата өрт жана сууга түшүү коопсуздук багытында түшүндүрүү боюнча коомчулуктун көңүлүн арттыруу болуп эсепетелинет. Учурда ӨКМнин аймактык башкармалыктары тарабынан балдар бакчасында, интернат үйлөрүндө жана министрликтин өрт-куткаруу бөлүктөрүндө өрт-тактикалык машыгуулар, суу копсуздугу багытында түшүндүрүү жана машыгуу иштери, куткаруучулардын шаймандарынын көргөзмөлөрү уюштурулууда. Иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат баракчалары берилип, кондитер азыктары таркатылууда.
Аталган иш-чара КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругунун негизинде аткарылууда.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here