КР ӨКМнин Суучулдар кызматы “Максат” реабилитациялык борборундагы балдарды “1июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү” менен куттуктады

0
198 просмотров

Бүгүн, 2019-жылдын 31-майында “1июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата  “ Максат” реабилитациялык борборунун  балдарына арналган салтанаттуу кечеге КР ӨКМнин Суучулдар кызматынын кызматкерлери катышышты.

Салатантуу кечеде КР ӨКМнин Суучулдар кызматынын башчысы У.М.Шамырканов өзү жектектеген  жамааттын атынан жаш жеткинчектерди майрамы менен куттуктап,  борбордун мугалимдерине, дарыгерлерине, балдарга жана алардын ата-энелерине жакшылыктарды каалады.

Ошондой эле, КР ӨКМнин Суучулдар кызматынын кызматкерлери тарабынан даярдалган  материалдык жардамды тапшырды.

                  Көп жылдан берки кызматташтыкты эске алып, “Максат” реабилитациялык балдар борборунун жетекчилиги КР ӨКМнин Суучулдар кызматынын башчысы полковник У.М.Шамыркановго салтанаттуу түрдө “Ыраазычылык кат” тапшырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы “Максат” реабилитациялык борбору менен  2011-жылдан бери өз ара  кызматташып келет. Суучудар кызматы аталган борборго материалдык гана жардам көрсөтпөстөн  моралдык жактан да колдоп келет. Кызматкерлер тарабынан Борбордун балдары үчүн атайын “Ачык эшиктер күнү”, “Суучулдардын көрсөтмө чумкуулары”  сыяктуу  иш-чаралар узгултүксүз уюштурулуп келет. Жыл сайын  Жаны жыл, Балдардын эл аралык күнү, Мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарга арналган бир айлыктарда  Суучулдар кызматынын кызматкерлери ар дайым колунан келген жардамын аябайт.

Эске сала кетсек, 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде “Балдарды кырсыктардан коргойбуз” аттуу бир жумалык акциясы жарыяланган.
Бул иш-чаранын максаты –жаш өспүрүм балдарды ар кандай кырсыктардан коргоо, балдарга карата өрт жана сууга түшүү коопсуздук багытында түшүндүрүү боюнча коомчулуктун көңүлүн арттыруу болуп эсепетелинет. Учурда ӨКМнин аймактык башкармалыктары тарабынан балдар бакчасында, интернат үйлөрүндө жана министрликтин өрт-куткаруу бөлүктөрүндө өрт-тактикалык машыгуулар, суу копсуздугу багытында түшүндүрүү жана машыгуу иштери, куткаруучулардын шаймандарынын көргөзмөлөрү уюштурулууда. Иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат баракчалары берилип, кондитер азыктары таркатылууда.
Аталган иш-чара КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругунун негизинде аткарылууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here