Куткаруучулардын балдары үчүн “1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата иш-чара уюштурулду

0
158 просмотров

Бүгүн, 2019-жылдын 31-май күнү КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында “1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында кызмат кылган жалпы аскер кызматкерлеринин балдары чакырылып, куткаруучулардын балдары үчүн атайын оюн-зооктор, чакан концерттик программа уюштурулуп, бөбөктөргө кубаныч тартууланды.
Аягында балдарга атайын даярдалган таттуу-шириндиктер жана оюнчуктар таркатылды.

Эске сала кетсек, 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде “Балдарды кырсыктардан коргойбуз” аттуу бир жумалык акциясы жарыяланган.
Бул иш-чаранын максаты –жаш өспүрүм балдарды ар кандай кырсыктардан коргоо, балдарга карата өрт жана сууга түшүү коопсуздук багытында түшүндүрүү боюнча коомчулуктун көңүлүн арттыруу болуп эсепетелинет. Учурда ӨКМнин аймактык башкармалыктары тарабынан балдар бакчасында, интернат үйлөрүндө жана министрликтин өрт-куткаруу бөлүктөрүндө өрт-тактикалык машыгуулар, суу копсуздугу багытында түшүндүрүү жана машыгуу иштери, куткаруучулардын шаймандарынын көргөзмөлөрү уюштурулууда. Иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат баракчалары берилип, кондитер азыктары таркатылууда.
Аталган иш-чара КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругунун негизинде аткарылууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here