Ысык-Көл облусунда “1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүнѳ карата” иш-чаралар өткөрүлдү

0
130 просмотров

КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Балдар биздин келечегибиз” жана “Биз балдарды коргойбуз” аттуу акциясы Чолпон-Ата шаарындагы № 3 кичи районунда жайгашкан “Солнышко” балдар бакчасынын ѳспүрүм  балдары “1-июнь Эл аралык Балдарды коргоо күнүнѳ карата” Чолпон-Ата шаарынын сейил багындагы атракциондор менен батуттарга бекер ойнотулуп, балмуздактар таратылып берилди.

Сейил паркына келген ата-энелерге “Сууга түшүү эрежеси”, “Жол коопсуздугу”, “Өрт коопсуздугу” жана “Биринчи жардам кѳрсѳтүү” темасында түшүндүрүү иштери менен биргеликте үгүт насаат баракчалары таратылды.

           Ошондой эле, Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан  Түп айылындагы эс алуу паркында өткөн майрамдык  иш чара учурунда кенже класстардын окуучуларына викторина өткөрүлүп грамоталар, балмуздактар берилди.

            Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругунун негизинде, Эл аралык 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата “Балдарды кырсыктардан cактайбыз” аттуу бир жумалык акциясынын алкагында өткөрүлдү.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here