2019-жылдын 4-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
99 просмотров

Шашылыш билдирүү:  туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

  2019-жылдын  4-июнунан 7-июнуна чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 3-июнда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 4-5-июнь күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга  байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

4-июнь күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жалал-Абад облусу

Ала-Бука району. Көк-Серек айыл аймагы. 2019-жылдын 2-июнь күнү саат 17:40 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Алма сел өтүүчү сайынан келген сел суулары Теңги айылынын Таш-Арык тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолду жууп кетип, жол каттамы жабылган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Кырсыктын кесепетин жоюуга №17-ЖТИден 1 жүктөгүч, айыл аймактан 1 трактор, 1 самосвал жана жергиликтүү тургундар тартылып, ички чарбалык унаа жолду калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 4-июнь күнү иш-чара улантылат.

Таш-Көмүр шаары. 3-июнь күнү саат 19:10 чамасында Кызыл-Алма тилкесинде кыска мөөнөттө нөшөрлөгөн каттуу жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп ички чарбалык унаа жолду каптаган. Унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

Жерине КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Тазалоо иш-чаралары 4-июнь күнү башталат.  

Базар-Коргон району. Базар-Коргон айыл аймагы. 3-июнь күнү саат 22:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Үч-Эмчек айылында 3 турак үйдүн короолоруна сел суулары каптаган.

Кырсыктын кесепетин жоюуга Базар-Коргон айыл аймагынан 1 экскаватортартылып, 4-июнь күнү саат 02:00дө селдин кесепеттери толук жоюлган.

Баткен облусу

Лейлек району. 2-июнь күнү саат 22:00 чамасында Маргун айылында катуу жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Маргун айылында 1 чакырым ички чарбалык арыкты, 1,5 чакырым ички чарбалык унаа жолду каптаган, учурда унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. Мындан сырткары Бешкент айылынын Шоро тилкесинде 200 метр ички чарбалык арыктарды сел суулары жууп кеткен. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Кырсыктын кесепетин жоюуга Бешкент айыл аймагынан 1 жүктөгүч, 30 жергиликтүү тургун, Маргун а/а жайыт комитетинен 1 экскаватор, 2 жеке менчик экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок аба-ырайына байланыштуу иш-чара убактылуу токтотулган.

Сүлүктү шаары. 3-июнь күну саат 13:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бөкөнбаев көчөсүндө 15 турак үйдүн бакчасын (огород) жана 250 метр ички чарбалык унаа жолду сел суулары жууп кеткен. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

 Кырсыктын кесепетин жоюуга 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана жергиликтүү тургундар тартылып, саат 20:30да тазалоо иштери толугу менен аяктаган.

Кадамжай району. Халмион айыл аймагы. 3-июнь күнү саат 17:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Халмион айылында 3 турак үйдүн бакчасын (огород) каптап, ички чарбалык көпүрөнү жараксыз абалга келтирген. Аталган көпүрө КР ӨКМнин 2019-жылдын атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеминине киргизилген. Жергиликтүү тургундар айланма жол аркылуу өтүүдө. Адам өмүрүнө жана турак үйлөргө зыян келтирген эмес.

Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, турак үйлөрдүн бакчаларын тазалоо иш-чараларын жергиликтүү тургундарга милдетендирген.

 Орозбеков айыл аймагы. 3-июнь күнү саат 20:10 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Кара-Кечүү тилкесинде ички чарбалык унаа жолдун 700 метр аралыгын жана Кара-Таш жана Кош-Этек жайлоолоруна баруучу ички чарбалык унаа жолдун 7 чакырым аралыгын каптаган.

Сел калдыктарын тазалоо иш-чаралары 4-июнь күнү башталат.  

 Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл району. 3-июнь күнү саат 13:00 чамасында Эки-Чат тоосунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Тамчы айылындагы 15 турак үйлөрдүн короолорун, 1 чакырым ички чарбалык унаа жолун жана 8га эгин талааларын каптап кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 1 жүктөгүч, 1 трактор МТЗ-82, КР ӨКМнен жалпы 20 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар 15 адам тартылып, саат 16:00дө селдин кесепеттери толук жоюлган.

 2019-жылдын 3-июнунан саат 08:00дөн 4-июнуна саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    6-АӨКБ

1 б

1 07:28 07:39 07:45 07:55 08:31   Ленин району. Арзамасская көчөсү №110. Мончонун 6 чарчы метр шыбы күйгөн. 1ствБ
2.    3-АӨКБ

1 б

1 09:18 жеткенге чейин 09:36   Свердлов району. Жибек Жолу көчөсү. Жеңил унаадан чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
3.    5-АӨКБ

1 б

1 18:18 жеткенге чейин 18:36   Октябрь району. 10 кичи району №17. Турак үйдүн жертөлөсүнөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
4.    4-АӨКБ

1 б

1 06:19 жеткенге чейин 07:16   Биринчи Май району. Чүй проспекти жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым тамактануучу жайынан чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
Ош шаары
5.    13-АӨКБ

1 б

85-ӨКБ

1 б

29-ӨКБ

1 б

1 23:26

 

23:28

 

23:38

23:45

 

23:45

 

23:49

00:00 01:35 01:45   Хабиб Абдуллаев көчөсү №99. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 150  чарчы метр  чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 4ствБ
Чүй облусу
6.    23-АӨКБ

1 б

1 15:15 жеткенге чейин 15:29   Сокулук району. Сокулук айылы, Кайназаров көчөсү. Ачык аянтта күйгөн чөп бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
7.    22-АӨКБ

1 б

1 23:09 23:13 23:23 23:36 23:56   Жайыл району. Кара-Балта шаары. Базарда сыра саткан дүкөндүн 12  чарчы метр  пластик шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
8.    21-АӨКБ

1 б

1 02:55 02:57 жеткенге чейин 04:18   Токмок шаары. Ибраимов көчөсүндө жайгашкан фабриканын ичинде кездеменин калдыктары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
9.    21-АӨКБ

1 б

1 03:00 маалымат тастыкталган жок 03:09   Токмок шаары. Ибраимов көчөсүндө унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.
10.           22-АӨКБ

1 б

1 03:11 03:20 03:30 04:05 04:20   Жайыл району. Новониколаевка айылы, Энгельс көчөсү №123. Жыгач устундуу шифер жабылган 2 бөлмөлүү турак үйдүн 32  чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
11.           57-ӨКБ

1 б

1 17:43 17:51 жеткенге чейин 18:18   Таш-Көмүр шаары. Тыныбаев көчөсү 109/3 Турак үйдүн мешинен чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби:  мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин  бузулушу.
Ысык-Көл облусу
12.           38-ӨКБ

1 б

1 14:32 14:40 14:51 15:32 15:56   Тоң району. Бөкөнбаев айылы, Ш.Уста көчөсү №14. Турак үйдүн 16  чарчы метр  жыгач полу жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: жаш балдардын от менен ойноосу. 1ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 9 чыгуу болгон:

Ош шаары

 2019-жылдын 3-июнь күнү саат 17:55де  КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Кулатов көчөсүндө жайгашкан №9 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош облусу

 Кара-Суу району. 27-май күнү саат 23:00 чамасында Төлөйкөн айыл аймагында 2012-жылы туулган М.Н. жаш бала дайынсыз жоголгон. Туугандарынын айтуусу боюнча бала Кайырма каналына түшүп кетиши мүмкүн экендигин билдиришип, издеп берүүнү суранышкан. 2019-жылдын 3-июнь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМден 32 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшүп,  саат 16:15те Папан айыл аймагынын Жаңы-Чек тилкесинде Кайырма каналынан баланын жансыз денеси табылып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жалал-Абад облусу

 Жалал-Абад шаары. 2019-жылдын 3-июнь күнү саат 07:23тө КР ӨКМнин №58 Өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Спутник кичи районунун Манас көчөсүндөгү №47 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Таш-Көмүр шаары. 2019-жылдын 3-июнь күнү саат 13:17де Шамалды-Сай шаарчасындагы Левобережный каналына 2017-жылы туулган Р.Ф. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен 15 куткаруучу тартылган. Саат 14:00дө жергиликтүү тургундар тарабынан баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

 Чүй облусу

Жайыл району. 2019-жылдын 3-июнь күнү саат 08:00 чамасында  Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин

№22 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 9 куткаруучу тартылган. Кеч киргенине байланыштуу саат 20:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. 4-июнь күнү издөө иштерине кошумча куткаруучулар тартылат.

Токмок шаары.  2019-жылдын 4-июнь күнү саат 01:22де КР ӨКМнин №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Дубовицкая көчөсүндөгү №118 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Баткен облусу

 Баткен шаары. 2019-жылдын 3-июнь күнү саат 19:40та катуу жааган жаандын кесепетинен Нуриев көчөсүнүн №22 турак үйүнүн артына жамгыр суулары топтолуп калып, үйгө коркунуч жараткан. Жерине КР ӨКМнин КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын №3 Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 7 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамында сууларын сордуруп беришкен.

 Кызыл-Кыя шаары. 2019-жылдын 3-июнь күнү саат 20:31чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Нигматулин көчөсүнүн №5-3 турак үйүнүн бакчаларына жана короосуна жамгыр суулары кирген. Жерине КР ӨКМнен 5 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамында сууларын сордуруп беришкен.

 Ысык-Көл облусу

 Ысык-Көл району. 3-июнь күнү саат 13:00 чамасында Эки-Чат тоосунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Тамчы айылындагы 15 турак үйлөрдүн короолорун, 1 чакырым ички чарбалык унаа жолун жана 2га эгин талааларын каптап кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Селдин кесепеттерин жоюу максатында айыл аймактан 1 жүктөгүч, КР ӨКМнен жалпы 20 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылып, саат 17:30да иш-чаралар толук аяктаган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here