Баткенде балдар бакчасында жаш бөбөктөрдүн өрт коопсуздугун алдын алууга каралган машыгуу өткөрүлдү

0
93 просмотров

         

КР ӨКМнин  Баткен  облусу боюнча башкармалыгынын  Баткен шаардык жана Баткен райондук  Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан  Баткен районунун Дара айыл аймагынын Чек айылындагы «Тай бөбөк» балдар бакчасында  «1-июнь Эл  аралык балдарды коргоо күнүнө» карата иш-чаралар  менен биргеликте өрттүк тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

         Иш-чарада балдар бакчасындагы балдарга өрт коопсуздугун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдарга балмуздактар таркатылып берилди. Балдар бакчасынын тарбиялануучулары тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.

         Ушундай эле иш-чара Баткен шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинде уюштурулуп мектеп окуучуларына өрт коопсуздугу алдын алуу, сууга түшүү коопсуздугу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучуларга өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын техникасы жана шаймандары менен тааныштырылды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here