“Кыргызтестти” ийгиликтүү тапшырган ӨКМдин кызматкерлери сыйланышты

0
86 просмотров

2019-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Ош облустук администрациясында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун алкагында тестти ийгиликтүү тапшырган кызматкерлерге сертификаттар ыйгарылды.
Бул расмий иш-чарада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская сөз сүйлөп, өз сөзүндө “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин бүгүнкү күндөгү жасап жаткан иштери жөнүндө токтолуп кетти. КР ӨКМнен жогорку жетишкендиктерди багындырган 4 мамлекеттик кызматкер: КР ӨКМнин Гидрометеорология боюнча агенттигинин директору  Абдишарин Бекилов, КР ӨКМнин Борбордук аппаратынын Тил секторунун башчысы Айымкыз Айтмаматова, КР ӨКМнин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ыыкыбал Абдираимова жана КР ӨКМнин Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин кызматкери Жаныбек Базиевдер жогорку даражадагы Сертификаттар менен сыйланышты.
Жыйындын жүрүшүндө Ош облусу боюнча “Кыргызтестти” ийгиликтүү тапшырган кызматкерлерге Сертификаттар ыйгарылды.


КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here