2019-жылдын 6-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
138 просмотров

Шашылыш билдирүү!

 2019-жылдын 6-июнунан 7-июнуна чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-7-июнда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 6-7-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга  байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 3-июнь күнү №02-34/556-Т жана 4-июнь күнү №02-34/559-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

6-июнь күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаан жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ош облусу

Ноокат району. 2019-жылдын 5-июнь күнү саат 17:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп төмөндөгүдөй зыян келтирилген:

Жаңы-Ноокат айыл аймагы. Дөң-Кыштак айылынын Тескей тилкесинде 14 турак үйдүн короолорун сел каптап, Найман каналынын 15 метр аралыгы сел калдыктарына толгон;

Гулистан айыл аймагы,   Фрунзе айылында жайгашкан 9 турак үйдүн короолорун сел каптап, 5 турак үйдүн жер төлөөсүнө жана айыл аймактын имаратынын жер төлөөсүнө сел суулары кирген;

Ноокат шаары.  “Медогос” медициналык борборунун жер төлөөсүнө сел суулары кирген.

Жерине КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгын ыкчам тобу, КР ӨКМнин №71 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу, айыл аймактан 1 экскаватор жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Куткаруучулар мото помпонун жардамында жер төлөөлөргө кирген сел сууларын тазалап беришкен. Тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары 6-июнь күнү жүргүзүлөт

Зулпуев айыл аймагы. 4-июнь күнү саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Үч-Бай айылында 2 турак үйдүн короосун жана Ак-Чабу айылында ички чарбалык унаа жолдун 500 метр аралыгын каптаган.

Жерине №37 ЖТИден 1 экскаватор, райондук Жарандык коргонуу  комиссиясы тартылган.

Тартылган техниканын жардамында саат 19:00дө селдин кесепеттерин жоюу иштери толук аяктаган.

Жалал-Абад облусу

Аксы району.  Ак-Суу айыл аймагы. 2019-жылдын 5-июнь күнү саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Майлы-Сай-Ак-Суу унаа жолунун 3-4-чакырым аралыгында шагыл аралаш сел жүргөн, жол каттамы ачык. Мындан сырткары сел өтүүчү сайда бузулуп калган “Жигули” үлгүсүндөгү унааны сел агызып кеткен. Жабыркагандар жок.

Кырсыктын кесепетин жоюуга №38 ЖТИден 1 грейдер тартылып, саат 23:00 унаа жол толук тазаланган.

Таш-Көмүр шаары. 2019-жылдын 5-июнь күнү саат 17:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен арыктарга суу батпай Түндүк аймактык башкармалыгынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан 4 турак үйдүн короолорун суу каптаган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Кырсыктын кесепетин жоюуга  КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынынын №2 Өзүнчө куткаруу отрядынан 20 куткаруучу, №57 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу жана КР ӨКМнин №6 Өзүнчө моьильдик тоо-кен куткаруу взводунан 6 куткаруучу, жалпы 36 куткаруучу тартылып, саат 18:30да тазалоо иштери толук аяктаган.

 Баткен облусу

         Баткен району. Ак-Татыр айыл аймагы. 2019-жылдын 5-июнь күнү саат 19:40 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ак-Татыр айылынан Тамдык жайлоосуна баруучу ички чарбалык көпүрөнүн оң канатын жууп кеткен, жол каттамы ачык.

Жеринде 6-июнь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзөт.

4-июнь күнү саат 16:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Рават  айылында 2 чакырым ички чарбалык унаа жолду, 1 чакырым  ички чарбалык арыктарды жана 4 турак үйдүн бакчаларын (огород) каптаган.

Тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары 6-июнь күнү жүргүзүлөт.

Лейлек району. Катраң айыл аймагы. 2019-жылдын 5-июнь күнү саат 17:20да катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп Баул айылындагы Коргон-Катраң-Баул ички чарбалык унаа жолунун 5 чакырым аралыгынын айрым жерлерин сел каптаган, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

Кырсыктын кесепетин жоюуга №13 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып, унаа жолдун 1,5 чакырым аралыгы тазаланган. Кеч киргенине байланыштуу саат 20:30да жумуш убактылуу токтотулду. 6-июнь күнү тазалоо иштери улантылат.

Тогуз-Булак айыл аймагы. 2019-жылдын 4-июнь күнү саат 16:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Миң-Жыгач айылында коктулардан келген сел суулары 1,5 чакырым ички чарбалык унаа жолду, Тогуз-Булак айылында 5 чакырым ички чарбалык унаа жолду жана 3,5 чакырым  ички чарбалык арыктарды каптаган.

Маргун айыл аймагы. Даргун айылында 7 чакырым ички чарбалык жолду жана 1 чакырым арыктарды каптаган.

Кырсыктын кесепетин жоюуга айыл аймактардан 1 жүктөгүч, 1 грейдер  жана жергиликтүү тургундардан 89 адам тартылып, саат 19:30да селдин кесепеттерин жоюу иштери толук аяктаган.

 2019-жылдын 5-июну саат 08:00дөн 6-июнь саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    5-АӨКБ

1 б

1 б

АШ

ШТАБ

1  

09:12

09:12

09:12

09:22

 

09:21

 

09:40

 

10:25

 

11:19

10:04

10:39

10:39

Октябрь району. 5-кичи району. №9 көп кабаттуу турак үйдүн 54-батиринин 3 чарчы метр дубалы, 43-батирдин кире бериш эшиги, 44-батирдин эшиги жана 48-батирдин пластик терезеси күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
2.    8-АӨКБ

1 б

1 10:11 10:22 10:50 11:31 11:58   Биринчи Май району. Краснодонцев көчөсү №3. Ачык аянтта 250  чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
3.    6-АӨКБ

1 б

1 12:48 12:56 13:22 13:52 14:08   Биринчи Май району. Брестский көчөсү. Мүрзөдө 1,5 га  куураган чөп күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
4.    3-АӨКБ

1 б

1 05:09 05:16 05:33 05:38 06:05   Свердлов району. Сүйүнбаев көчөсү №18. Жер төлөөдө 3 чарчы метр  таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Ош облусу
5.    25-АӨКБ

1 б

1 10:39 11:13 жеткенге чейин 12:36   Кара-Суу району. Отуз-Адыр айыл аймагы, Кызыл-Абад тилкеси. Сарайдан чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
6.    53-ӨКБ

1 б

1 б

1 17:05

 

17:12

17:10

 

17:20

17:30 19:05 19:25

 

18:20

  Өзгөн району. Өзгөн шаары, Үч-Көчө көчөсү. Жыгач устундуу темир жабылган мончонун 300  чарчы метр   чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 3ствБ
Чүй облусу
7.    5-ӨКБ

1 б

1 09:29 09:33 09:49 10:19 10:39   Кемин району. Кемин шаары, Бозоев көчөсү №17. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 20  чарчы метр   чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
8.    1-ӨКБ

1 б

1 15:25 15:35 16:09 16:49 16:59   Аламүдүн району. Кайырма айылы. Ачык аянтта 5 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
9.    2-ӨКБ

1 б

1 16:29 16:50 17:44 18:10 18:45   Панфилов району. Чалдовар айылы, Масалкина көчөсү №1. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 7  чарчы метр  чатыры жана 230 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1чтвБ
10.           28-АӨКБ

1 б

1 17:02 17:17 18:56 01:24 01:40   Сокулук району. Төмөнкү-Орок айылы, Мотко уулу көчөсү №12. Короодогу бастырма жана болжол менен 2000 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
11.           27-АӨКБ

1 б

1 20:00 жеткенге чейин 20:13   Ысык-Ата району. Кант шаары, Ленин көчөсүндө унаадан чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
Жалал-Абад облусу
12.           20-АӨКБ

1 б

1 б

1 07:01

 

07:08

07:07

 

07:14

07:15  

07:58

07:43   Жалал-Абад шаары. Пушкин көчөсү №152. Темир вагондун ичинде 15  чарчы метр  үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
13.           20-АӨКБ

1 б

1 13:33 13:44 13:46 13:53 14:31   Сузак району. Кызыл-Туу айыл аймагы, Птицеград айылы, Жусупбаев көчөсү №1. Э.Арапбаев атындагы №16 орто мектептин стадионунда 0,25 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
14.           65-ӨКБ

1 б

1 03:55 03:59 04:05 04:20 04:28 Сузак району. Сузак айыл аймагы, Сузак айылы, Юнусалиев көчөсү № жок. Эшик рама чыгаруучу столярдык  ишкананын 3 чарчы метр   чатыры жана 0,5 куб отун күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда 1 ствБ

 КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон:

                                                 Ош облусу

 Ноокат району. 2019-жылдын 5-июнь күнү саат 17:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Гүлистан айыл аймагынын Фрунзе айылында жайгашкан 9 турак үйдүн короолорун каптап, 5 турак үйдүн жер төлөөсүнө жана айыл аймактын имаратынын жер төлөөсүнө сел суулары кирген. Мындан сырткары Ноокат шаарындагы “Медогос” медициналык борборунун жер төлөөсүнө сел суулары кирген. Жерине КР ӨКМнин №71 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу тартылып, мото помпонун жардамында жер төлөөлөргө кирген сел сууларын тазалап беришкен.

 Жалал-Абад облусу

 Таш-Көмүр шаары. 2019-жылдын 5-июнь күнү саат 17:34тө катуу жааган жаандын кесепетинен арыктарга суу батпай Түндүк аймактык башкармалыгынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан 4 турак үйдүн короолорун каптаган. Куткаруучулар жерине барышып тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

 Базар-Коргон району. Кызыл-Үңкүр айылындагы Кызыл-Үңкүр дарыясына 2004-жылы туулган К.Д. аттуу бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМден 23 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 170 адам тартылып, кеч киргенине байланыштуу саат 21:23тө убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок.

Чүй облусу

 Жайыл району. 2-июнь күнү саат 11:00 чамасында Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон. Издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 12 куткаруучу,КР ӨКМнин  Суучулдар кызматынан 4 суучул, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжа болбогондуктан саат 20:00дө убактылуу токтотулду.

Аламүдүн району. 2019-жылдын 5-июнь күнү Ленинское айылында жайгашкан Сан-Тропе эс алуучу жайындагы көлмөгө 2003-жылы туулган Б. у Н. аттуу бала чөгүп кеткен. КР ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жерине барышып, саат 15:00дө маркумдун жансыз денесин суудан табышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ысык-Көл облусу

 Каракол шаары. 2019-жылдын 6-июнь күнү саат 00:30да  Куткаруучулар Кашка-Суу кичи районунда жайгашкан №11 үйдүн 132-батиринин жабылып калган эшигин куткаруучулар ачып беришкен.

Нарын облусу

Нарын шаары. 2019-жылдын 5-июнь күнү саат 23:50 чамасында Алма-Бак тилкесинде 2012-жылы туулган Б.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине КР ӨКМнин №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 10 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылып, саат 06:30да бала туугандарынын үйүнөн аман-эсен табылган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here