Акимдер Жарандык коргонуу иш-чараларын уюштуруудагы билим деңгээлин жогорулатышты

0
68 просмотров

2019-жылдын 6-июнунда райондордун жана райондук маанидеги шаарлардын Жарандык коргонуу башчылары менен окуулар жүргүзүлдү.

Окуулар министрликтин облустардагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунун ситуациялык залдарында  онлайн режимде жүргүзүлүп, жалпы 52 кызмат адамы катышты. Окуунун жүрүшүндө угуучуларга Жарандык коргонуу боюнча мыйзамдык жана укуктук-ченемдик базалар, Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү, алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча ишчаралардын тартиби боюнча методикалык сабактар өткөрүлдү.

Жогоруда аталган сабактардын максаты — Жарандык коргонуу иш-чараларын уюштуруудагы угуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын тартибин угуучуларга жеткирүү болуп саналат.

Аталган окуу КР Премьер-министри – Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан 2019-жылгабекитилген КР ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун комплекттөө планынын негизинде уюштурулду.

КР ӨКМдин басмас сөз кызматы.    

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here