2019-жылдын 7-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
129 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы сакталып турат!

2019-жылдын 7-июнь күнү туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-июнь күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 7-июнь күнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга  байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 3-июнь күнү №02-34/556-Т жана 4-июнь күнү №02-34/559-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2019-жылдын 7-июнь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Жалал-Абад облусу

Сузак районуда 2019-жылдын 6-июнунда саат 15:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 63-чакырымында көлөмү 75 м3 кум-таш аралаш сел суулары түшүп, унаа жолду убактылуу жабып калган. Аталган унаа жолго Тогуз-Торо РМАнын башчысы-акимдин №210 буйругунун негизинде 2018-жылдын 9-октябрынан тартып жабылган.

Жолду тазалоого №31 жол тейлөө ишанасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Тартылган техниканын жардамында 6-июнь күнү саат 17:50дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

 

Ош облусу

Араван районунун Маңгыт айыл аймагында 2019-жылдын 6-июнунда саат 00:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында сел каналдан сел суулары жүрүп, ички чарбалык көпүрөнү жараксыз абалга келтирген жана Маңгыт айылында Араван-Сай дарыясынан өткөн ички чарбалык көпүрөнүн оң канатын жууп кеткен.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Араван райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу.

Көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштери 7-июнь күнү башталат.

Кара-Суу районунда 2019-жылдын 6-июнь саат 17:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Ош-Папан-Кожо-Келең унаа жолунун 19-28-чакырым аралыктарында сел жүрүп, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралган.

Тазалоо иштерине №21 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылган.

Тартылган техниканын жардамында 6-июнь күнү саат 20:30да иш-чаралар толугу менен аяктаган.

Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагында 2019-жылдын 6-июнь күнү катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп Ноокат-Ак-Чабу унаа жолунун 14-16-чакырым аралыктарын каптап, унаа жолу жабылган.

Тазалоо иштерине №37 ЖТИден 1 экскаватор тартылган.

Тартылган техниканын жардамында 6-июнь күнү саат 19:00дө иш-чаралар толугу менен аяктап, жол каттамы калыбына келген.

2019-жылдын 5-июнь күнү саат 17:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп төмөндөгүдөй зыян келтирилген:

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак айылындагы Тескей тилкесинде 14 турак үйдүн короолорун сел каптап, Найман каналынын 15 метр аралыгы сел калдыктарына толгон;

Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылында 9 турак үйдүн короолорун сел суулары каптаган.

Тазалоого жеке менчик 1 экскаватор тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында 6-июнь күнү тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары Жаңы-Ноокат менен Гулистан айыл аймактарында толугу менен аяктаган.

Баткен облусу

         Баткен районунун Кыштут айыл аймагында 2019-жылдын 6-июнь күнү саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел суулары Газ-Согмент унаа жолунун 2 чакырым аралыгын, Согмент-Чарбак унаа жолунун 3 чакырым аралыгын жана Согмент-Айгүл-Таш унаа жолунун 15 чакырым аралыгын каптаган.   

Калыбына келтирүү иш-чараларына №2 ЖТИден 1 грейдер жана 3 кызматкер тартылган.

Тазалоо иштери улантылууда.

Ак-Татыр айыл аймагында 2019-жылдын 5-июнь күнү саат 19:40 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ак-Татыр айылынан Тамдык жайлоосуна баруучу ички чарбалык көпүрөнүн оң канатын жууп кеткен (ӨКМ тарабынан курулган), жол каттамы ачык.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, а/а башчысы тартылган.

6-июнь күнү жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, көпүрөнү калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү маселеси каралууда.    

2019-жылдын 4-июнь күнү саат 16:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Рават айылында 2 чакырым ички чарбалык унаа жолду, 1 чакырым  ички чарбалык арыктарды жана 4 турак үйдүн огородун каптаган.

Тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чараларына жеке менчик 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

Тазалоо иштери улантылууда.

2019-жылдын 2-3-июнь күндөрү катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп төмөндөгүдөй зыян келтирилген:

Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылында Подстанция тилкесинде сел каналдын жээгинин 1500метр аралыгын жеп кеткен. Ошондой эле Жаңы-Бак айылында ички чарбалык унаа жолду, 2 лотокту, сел каналдын 800м аралыгын жараксыз абалга келтирген.

Карабак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылында суугат каналынын 200м аралыгын шагылга толтурган.

Төрт-Гүл айыл аймагынын Зарташ айылында ички чарбалык 1 чакырым жолун каптаган.

Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылындагы 17 турак үйлөрдүн короолоруна жана Боз-Адыр айылындагы 11 турак үйлөрдүн короолоруна сел суулары кирген.  

Калыбына келтирүү иш-чараларына Самаркандек а/а – жеке менчик 1 Камаз жана 1 кран, Карабак а/а – жеригиликтүү тургундардан 20 адам, Төрт-Гүл а/а – 2 трактор жана жеригиликтүү тургундардан 30 адам, Суу-Башы а/а — жеригиликтүү тургундардан 60 адам тартылган.

Тартылган техниканын жардамында иш-чаралар жүргүзүлүп, Суу-Башы а/а селдин кесепеттери иш-чаралар улантылат.

Лейлек районунун Катраң айыл аймагында 2019-жылдын 5-июнь күнү саат 17:20да катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп Баул айылындагы Коргон-Катраң-Баул ички чарбалык унаа жолунун 5 чакырым аралыгынын айрым жерлерин сел каптаган, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

Тазалоого №13 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып, унаа жолдун 1,5 чакырым аралыгы тазаланып, иш-чаралар толугу менен аяктаган.

 I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 4-АӨКБ

1 б

1 07:00 07:04 07:34 Ленин району, Рыскулов көчөсү №434, электр мамычасындагы электр зымдарынын кыска чагылуусу болгон.
2. 3-АӨКБ

2 б

5-АӨКБ

1 б

4-АӨКБ

1 б

штаб

1 01:15

 

01:16

 

01:17

 

01:19

01:19

 

01:26

 

01:25

 

01:25

01:34 02:12 02:36

 

01:52

 

01:32

 

02:38

Свердлов району, Чүй проспектиси №155, “Айчүрөк” ААК караштуу жаңы курулуп жаткан имараттын 7-кабатында, 4 чарчы метр темир бутканын ичинде электр  ширетүү жабдуулары жана курулуш шаймандары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

              Ош шаары

3. 13-АӨКБ

1 б

1 06:39 06:43 06:46 07:01 08:11 Манас-Ата кичи шаарчасы, Раззаков көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган “Кара-Кулжа кымызы” кафесинин 30 чарчы метр чатыры жана 4 тапчан күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

4. 21-АӨКБ

1 б

1 б

1 23:37

 

23:55

23:50

 

00:17

00:17 02:15 02:27

 

02:27

Токмок шаары, Береговая көчөсү №5, жыгач устундуу темир жабылган бастырманын 600 чарчы метр чатыры жана 4 тонна жүгөрү  толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ош облусу

5. 66-ӨКБ

1 б

1 б

1 16:11

 

17:02

16:21

 

17:18

17:47 18:38 18:55

 

18:55

Кара-Кулжа району, Кара-Кочкор айыл аймагы, Кара-Кочкор айылы, Койлубаев көчөсү №86, жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 100 чарчы метр чатыры, 1 тонна тезек отун, 500 кг саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 8 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 2019-жылдын 6-майда саат 18:16да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулар 3-кичи районунда жайгашкан №18 үйүнүн 28-батиринин жабылып калган эшигин ачышкан.

Октябрь районунда 2019-жылдын 6-майда саат 22:41де .  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулар Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан №108 үйүнүн 15-батиринин жабылып калган эшигин ачышкан.

Жалал-Абад облусу

2019-жылдын 6-майда саат 19:55де Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагына караштуу Ак-Суу сайында жааган жаандын кесепетинен КамАЗ үлгусүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтө албай, тыгылып калган.

КР ӨКМнин РӨКО 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен.

Жалал-Абад шаарында  КР ӨКМнин №58 ӨКБ куткаруучулар Спутник кичи районунун Манас көчөсүндөгү №16 үйүнүн 16-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылындагы Кызыл-Үңкүр дарыясына 2004-жылы туулган К.Д. аттуу бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында  КР ӨКМнин №78 ӨКБ 25 куткаруучу, РИИБден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 250 адам тартылып. Издөө иш чаралары улантылууда.

Чүй облусу

Жайыл районунда 2-июнь күнү саат 11:00 чамасында Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерине КР ӨКМнин КДМБнан 10 куткаруучу, Жайыл райондук №22 АӨКБдан 8 куткаруучу жана Суучулдар кызматынан 5 суучул издөө иштерине тартылып, саат 20:00дө убактылуу токтотулган. 7-июнь күнү издөө иштери улантылат.

Токмок шаарында 2019-жылдын 2-июнь күнү КР ӨКМнин  №21 АӨКБ куткаруучулар 3-кичи районунда жайгашкан №18 үйдүн 39-батиринин бекилип калган эшигин ачышкан.

 

Нарын облусу

Ак-Талаа районунда 2019-жылдын 17-май күнү Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен.

Издөө иштери 31-майына чейин жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.

Туугандарынын кайрылуусунун негизинде Ак-Талаа районунун аймагында Нарын дарыясында издөө  иштерин улантылып,  КР ӨКМнин №47 ӨКБ 7 куткаруучу тартылып. Издөө иштери улантылууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here