2019-жылдын 10-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
133 просмотров

Шашылыш билдирүү: 10-июндан 12-июнга чейин туруксуз аба-ырайы сакталууда!

Кыргызстандын аймагында 10-июндан 12-июнга чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-июнда Чүй облусунун тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, 10-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, 10-июндан 12-июнга чейин Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 10-июнунан 12-июнуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга  байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 7-июнь күнү №02-34/563-Т жана №02-34/564-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2019-жылдын 10-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

 Ак-Талаа районунун Баетово айыл аймагында 2019-жылдын 9-июнь күнү саат 15:30 чамасында Кайыңды-Булак айылында секундасына ылдамдыгы 10 метрге жеткен шамал катталып, натыйжада мурунку автобазанын имараттынын болжол менен 240 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.

Жерине КР ӨКМнин Ак-Талаа райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

10-июнь күнү тактоо иш-чаралары улантылат.

I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Ош шаары

1.    85-ӨКБ

1 б

1 19:25 19:30 19:43 19:47 20:16 Н.Исанов көчөсү, таштанды таштоочу контейнерде 12 чарчы метр таштанды күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

2.    5-ӨКБ

1 б

1 18:21 жеткенге чейин 19:28 Кемин району, Чоң Кемин айыл аймагы жайгашкан балык цехтинин чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
3.    7-АӨКБ

1 б

1 08:47 09:00 09:20 09:46 10:15 Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Комсомол көчөсү №104, жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу курулуп жаткан турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры жана 20  чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

4.    17-АӨКБ

1 б

1 18:22 18:25 18:30 18:35 19:00 Талас шаары, Ч.Айтматов көчөсү, дүкөндүн  2  чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ

Баткен облусу

5.    74-ӨКБ

1 б

1 12:22 12:26 13:00 Лейлек району, Исфана шаары, Эрназаров көчөсү, “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.
6.    75-ӨКБ

1 б

62-ӨКБ

1 б

1 16:04

 

16:59

16:18

 

17:30

17:51 20:03 20:34

 

18:40

Кадамжай району, Масалиев айыл аймагы, Көн айылы, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 385 чарчы метр  чатыры жана 10 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствА

2ствБ

7.    107-ӨКБ

1 б

1 16:50 17:18 17:42 17:55 18:45 Кадамжай району, Алга айыл аймагы, Алга айылы, Тухан көчөсү №30, короодо 6 куб.метр отун, 29 даана жыгач устуну жана 17 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ош облусу

8.    64-ӨКБ

1 б

1 20:34 20:40 жеткенге чейин 20:50 Араван району, Анаров айыл аймагы, М.Омонов көчөсү, Көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
9.    13-АӨКБ

1 б

1 04:12 04:21 жеткенге чейин 04:51 Кара-Суу району, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун (Фуркат айылы) 5 чакырымында “Деу Матиз” үлгүсүндөгү жеңил унаа күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Жалал-Абад облусу

10.           94-ӨКБ

1 б

1 21:55 жеткенге чейин 22:32 Кара-Көл шаары, Перого көчөсү №19, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Ленин районунда 2019-жылдын 9-июнунда КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү №242 көп кабаттуу үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ош шаары

9-июну күнү КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Гагарин көчөсүнүн №1 көп кабаттуу үйдө жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Жайыл районунда 2019-жылдын 2-июнь күнү саат 11:00 чамасында Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон. 9-июнь күнү издөө иштерине КР ӨКМнин  Жайыл райондук №22 АӨКБдан 3, КР ӨКМнин  Панфилов райондук №2 ӨКБдан 2 жана КР ӨКМнин  Москва райондук №15 ӨКБдан 2, КР ӨКМнин  Жумгал райондук №43 ӨКБдан 7 куткаруучу, КР ӨКМнин  Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 12 куткаруучу, КР ӨКМнин  Суучулдар кызматынан 5 суучул издөө иштерине тартылган.

Издөө иштери уланууда.

Нарын облусу

Ак-Талаа районунда 2019-жылдын 17-май күнү Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен.

2019-жылдын 8-июнь күнү Ак-Талаа районунда Нарын дарыясын бойлой издөө иштерине КР ӨКМнин №47 ӨКБ тартылып, жүргүзүлгөн.

Издөө иштери 10-июнь күнү улантылат.

Кочкор районунда 2019-жылдын 8-июнь күнү Туз айылынын 5 тургуну (эркек: 1968-ж.т. М.К., 1986-ж.т. М. Б., 1990-ж.т. Т у.Т., 1988-ж.т. Р.Б., 1985-ж.т. С.М.) Соң-Көл жайлоосун көздөй мал айдап бара жаткан кезде Кок-Жар айылынын Чалай кыштоосундагы Көнөк ашуусунда туман түшүп, бороон болгонуна, адашып ашууну аша албай калышкан. 1968-жылы туулган М.К. кан басымы жогорулап жана суукка туруштук бере албай каза болгон. Мындан сырткары 30 кой, 3 жылкы, 1 эшек катуу болгон бороондон жардан кулап кеткен.

9-июнь күнү туугандары жардам сурап кайрылышкан.

Жерине КР ӨКМнен 6 куткаруучу, медицина кызматынан 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 4 адам чыгышып, малчыларга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, мал жандыктарын чогултушуп, Туз айлына мал жандыктары менен түшүшкөн. Каза болгон адамды туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми калган 4 адам айылдагы оорукана жеткирилген. Абалдары жакшы.

Баткен облусу

Кызыл-Кыя шаарында 2019-жылдын 10-июну күнү саат 14:00до КР ӨКМнин ТКККнын 4-өзүнчө мобилдштирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары 1-кичи районунун №31 көп кабаттуу үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here