Сууктун кесепетинен Нарын облусунун 51 жаштагы тургуну каза болду    

0
152 просмотров

Кочкор районунда 2019-жылдын 8-июнь күнү Туз айылынын 5 тургуну (эркек: 1968-ж.т. М.К., 1986-ж.т. М. Б., 1990-ж.т. Т у.Т., 1988-ж.т. Р.Б., 1985-ж.т. С.М.) Соң-Көл жайлоосун көздөй мал айдап бара жаткан кезде Кок-Жар айылынын Чалай кыштоосундагы Көнөк ашуусунда туман түшүп, бороон болгонуна, адашып ашууну аша албай калышкан. 1968-жылы туулган М.К. кан басымы жогорулап жана суукка туруштук бере албай каза болгон. Мындан сырткары 30 кой, 3 жылкы, 1 эшек катуу болгон бороондон жардан кулап кеткен.

9-июнь күнү туугандары жардам сурап кайрылышкан.

Жерине КР ӨКМнен 6 куткаруучу, медицина кызматынан 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 4 адам чыгышып, малчыларга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, мал жандыктарын чогултушуп, Туз айлына мал жандыктары менен түшүшкөн. Каза болгон адамды туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми калган 4 адам айылдагы оорукана жеткирилген. Абалдары жакшы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here