2019-жылдын 11-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
43 просмотров

Шашылыш билдирүү: 11-июндан 12-июнга чейин туруксуз аба-ырайы сакталууда!

Кыргызстандын аймагында 11-июндан 12-июнга чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-июндан 12-июнга чейин Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 11-июнунан 12-июнуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга  байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 7-июнь күнү №02-34/563-Т жана №02-34/564-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2019-жылдын 11-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Жалал-Абад облусу

Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагында 2019-жылдын 10-июнь күнү саат 20:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Балапан-Сай сайынан сел суулары түшүп, Балапан-Сай жайлоосуна баруучу ички чарбалык унаа жолдун 15-25-чакырым аралыктарынын айрым жерлерин жана Майлы-Сай-Ак-Суу ички чарбалык унаа жолунун 0-8-чакырым аралыкты сел суулары каптаган, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

2019-жылдын 11-июнь күнү айыл аймак жана №38 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар аймактык башкармалыгында 2019-жылдын 10-июнь күнү саат 20:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен арыктардан суу ашып, Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 4 турак үйдүн короолорун каптаган.

 Окуя болгон жерге Таш-Көмүр шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы жана шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып.

Жергиликтүү бийлике тазалоо иштерин уюштуруу милдеттендирилген.

 

Ноокен районунун  Момбеков айыл аймагында 2019-жылдын 10-июнь күнү саат 21:20 чамасында Кыла айылында катуу жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү арыктардан сел ашып, Бишкек-Ош унаа жолунун 515-чакырымындагы темир бетон түтүкө батпай жолду каптаган жана 4 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген.

Тазалоо иштерине райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.

Тартылган техниканын жардамында  селдин нугу сел өтүүчү арыкка бурулуп, коркунуч жоюулган.

 

Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында 2019-жылдын 10-июнь күнү саат 22:15 чамасында Алма-Бел айылынын Үч-Терек тилкесинде катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 1-Май-Алма-Бел ички чарбалык унаа жолунун 35-чакырымын сел каптап жол каттамы жабылган. Мындан сырткары сугат суу каналынын 4 даана лотогун жана 4 даана суу тосмосун бузуп кеткен.

Тазалоо иштерине №17 ЖТИ 1 жүктөгүч тартылып, саат 04:30да унаа жол толук тазаланган.

Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.    5-АӨКБ

1 б

1 17:18 17:25 маалымат тастыкталган жок 17:43   Октябрь району, Юнусалиев көчөсү №3, турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган эмес.
2.    3-АӨКБ

1 б

1 16:38 жеткенге чейин 16:45   Свердлов району, Чыгыш-5 кичи району, №8/3 үй, 41-батирде чыккан өрт, куткаруучулар жеткенге чейин өчүрүлгөн.
3.    2-АӨКБ

1 б

1 00:35 00:55 01:07 01:34 02:01   Свердлов району, Набережный көчөсү №25, жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
4.    28-АӨКБ

1 б

1 01:17 01:27 01:36 02:10 02:39   Ленин району, Репин көчөсү №215/1, гараждын пластик шыбы жана унаа тетиктери күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 Чүй облусу

5.    27-АӨКБ

1 б

1  18:52 18:56 жеткенге чейин 19:30   Ысык-Ата району, Кант шаары, 1-кичи району, №18 үйдүн жанында жайгашкан дүкөндүн ичинде, жанык газ плитанын үстүндө кароосуз тамак аш  калган.
6.    6-АӨКБ

1 б

1 20:30 20:52 20:57 21:02 21:37   Сокулук району,  Күн-Туу айылы, электр зым карагайы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
7.    21-АӨКБ

1 б

1 02:31 02:43 02:47 03:41 04:12   Токмок шаары, Тургенев көчөсү №18,  турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 15 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Биринчи Май районунда 2019-жылдын 10-июну күнү КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 1994-жылы туулган Ж.А. аттуу аялдын манжасынан шакегин чыгарып беришкен.

Чүй облусу

Жайыл районунда 2019-жылдын 2-июнь күнү саат 11:00 чамасында Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон (ата-энесинин айтуусу боюнча сууга агып кетиши мүмкүн).

КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынын орун басары п/п-к Д. Каримовдун жетекчилик астында Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5, Жайыл райондук №22 АӨКБдан 5, Панфилов райондук №2 ӨКБдан 2, Москва райондук №15 ӨКБдан 2, Жумгал райондук №43 ӨКБдан 5, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 12 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 5 суучул, жалпы 36 куткаруучу издөө иштерине тартылган.

Издөө иштери улантылууда.

 

Нарын облусу

Ак-Талаа районунда 2019-жылдын 17-май күнү Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен.

2019-жылдын 10-июнь күнү Ак-Талаа районунда  КР ӨКМнин №47 ӨКБ 5 куткаруучу Нарын дарыясын бойлой издөө иштери жүргүзүлгөн.

Издөө иштери улантылууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here