Чүй облусу маалымдайт: сууга түшүү мезгилинде суудагы бөөдө кырсыктарды алдын алуу аракеттери

0
72 просмотров

Чүй облусунун аймагындагы суу объектилеринде инвентаризация жүргүзүлүп, инвентаризациянын жыйынтыгында Чүй облусунун аймагында 399 суу объектиси аныкталып, анын ичинен 22 суу объектиси сууга түшүүгө ыңгайлаштырылганы белгилүү болгон (бассейндер), (22 сууга түшүүгө ыңгайлаштырылган объектилеринде 18 куткаруучулар бар, бирок анын ичинен 5 куткаруучунун сертификаты бар, 13 сертификаты жок).

Мындан тышкары, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан сууда түшүүдө коопсуздукту сактоо боюнча айыл аймактарга, шаар мэрлерине, суу объектилеринин кожоюндарына сууга түшүүгө ыңгайлаштырылбаган объектилерине сууга түшүүгө тыюу салуу тууралуу табличкаларын орнотуу, тегерегин тосуу боюнча тапшырмалар койулууда.

 “Азыркы учурда калктуу конуштарга жакын жайгашкан баардык суу объектилеринде тыюу салуучу табличкалар орнотуу иш чараларын жүргүзүү аракети көрүлүүдө. Ошондой эле, суу объектилеринде коопсуздукту сактоо, бөөдө кырсыктарды алдын алуу боюнча жергиликтүү калк менен чогулуштарды өткөрүү, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылып, түшүндүрүү иштери ар дайым жүргүзүлүүдө. Биздин кызматкерлер тарабынан 3462 жаран камтылган инструктаж  өткөрүлүп,  10842 буклет таркатылса, ар кандай суу объектилерине 170 такталар орнотулду. Ошондой эле квитанцияларга да суу коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат жазылып, калк арасында таркатылууда. Мындан тышкары, башкармалык тарабынан айыл өкмөттөргө сууга түшкөнгө ылайык келбеген суу  объектилеринде  атайын тосмолорду, баннерлерди койдуруу жана сууга түшкөнгө ылайыктуу жайлардын кожоюндарына да кошумча эскертмелер берилди, жалпы 66 эскертме чыгарылды”, — деп билдирди КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Азиз Эгембердиев.

 

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here