2019-жылдын 12-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
128 просмотров

Шашылыш билдирүү! 

Кыргызстандын аймагында 12-июнь күнү туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-июнда Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 12-июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга  байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 7-июнь күнү №02-34/563-Т жана №02-34/564-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2019-жылдын 12-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Жалал-Абад облусу

Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагында 2019-жылдын 10-июнь күнү саат 20:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Майлы-Сай-Ак-Суу ички чарбалык унаа жолунун 0-8-чакырым аралыктарынын айрым жерлерин сел суулары каптаган.

Тазалоо иштерине №38 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылып, унаа жол толук ачылган.

Ак-Суу айыл аймагында 2019-жылдын 10-июнь күнү саат 20:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Балапан-Сай сайынан сел суулары түшүп, Балапан-Сай жайлоосуна баруучу ички чарбалык унаа жолдун 15-25-чакырым аралыктарынын айрым жерлерин сел суулары каптаган, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

Унаа жолду тазалоо иш-чаралары 13-июнь күнү башталат.

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 12-июнь күнү саат 07:31де Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.    6-АӨКБ

1 б

1 08:47 08:57 09:53 10:07 11:00   Биринчи-Май району, Месароша көчөсү №1/4, контейнердин ичинде 15 чарчы метр таштанды  күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.    28-АӨКБ

1 б

1 22:44 22:50 22:55 22:58 23:04   Ленин району, Чон-Арык айылы, Семетей көчөсү, Таштанды таштоочу жайда 10 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

3.    23-АӨКБ

1 б

1 14:08 14:20 14:25 14:36   Сокулук району, Сокулук айылы, Калинин көчөсү №132, 21-батирдин ичинде газ плитада тамак-аш кароосуз калган. кол

каражаттар

4.    23-АӨКБ

1 б

1 17:45 17:50 17:59 18:08 18:13   Сокулук району, Шопоков шаары, Октябрь көчөсү №41, турак үйдүн ичинде кир жуучу машина күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.    27-АӨКБ

1 б

1 21:16 21:27 21:33 21:58 22:25   Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Ленин көчөсү №55, аянты 50 чарчы метр сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Нарын облусу

6.    16-АӨКБ

1 б

1 01:02 01:07 01:15 01:45 01:56   Нарын шаары, Ш. Мамбетов көчөсү №29, аянты 30 чарчы метр  кампа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

7.    71-ӨКБ

1 б

1 18:10 18:18 18:25 18:30 19:30   Ноокат району, Зулпуев айыл аймагы, Ата-Мерек айылы, Ош көчөсүндө жайгашкан “МПА” май куйуучу жайына чагылган түшүп, өрт чыгуу коркунучу пайда болгон. Өрттү алдын алуу максатында, цистернаны муздатып беришкен.   1ствБ

Жалал-Абад облусу

8.    65-ӨКБ

1 б

1 11:00 жеткенге чейин 11:23   Сузак району, Атабеков айыл аймагы, Кызыл-Багаш айылында жайгашкан азык-түлүк дүкөндө өрт чыккандыгы тууларуу маалымат түшкөн, өрт бөлүм жеткенге чейин өрттү өчүрүүп калышкан.

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Свердлов районунда 2019-жылдын 11-июнунда саат 17:17де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ибраимов көчөсүндөгү №57 үйүнүн жыбылып калган батиринин эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

2019-жылдын 11-июнунда саат 11:08де КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Джим көчөсүндөгү №7 үйүнүн жабылып калган батиринин эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Жайыл районунда 2-июнь күнү саат 11:00 чамасында Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон. Жоголгон баланын ата-энесинин айтуусу боюнча сууга агып кетиши мүмкүн.

11-июнь күнү издөө иштерине п/п-к Д. Каримовдун жетекчилиг астында, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу, Жайыл райондук №22 АӨКБдан 5 куткаруучу, Панфилов райондук №2 ӨКБдан 2 куткаруучу, Москва райондук №15 ӨКБдан 2 куткаруучу, Жумгал райондук №43 ӨКБдан 5 куткаруучу,  КДМБдан 12 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 5 суучул, жалпы 36 куткаруучу издөө иштерине тартылган.

Жайыл районунда 2019-жылдын 11-июнда Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын Бекитай айылында  2017-жылы туулган Т.Н. дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Дайынсыз жоголгон баланын ата-энесинин айтуусу боюнча, бала агып аткан суунун жээгинде ойноп жүргөн. Издөө иштерине саат 18:12де КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 АӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

Издөө иштери улантылууда.

Нарын облусу

Ак-Талаа районунда 2019-жылдын 17-май күнү Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен.

11-июнь күнү КР ӨКМнин Ак-Талаа райондук №47 ӨКБнөн 5 куткаруучу тартылган.

Издөө иштери уланууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here