2019-жылдын 12-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
127 просмотров

 Шашылыш билдирүү: 15-16-июнда туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

2019-жылдын 15-июнда күндүз жана 16-июнда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 12-июнь күнү №02-34/579-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2019-жылдын 13-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 13-июнь түнү саат 00:09да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында 2 баллга чейин сезилген.

Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.    6-АӨКБ

1 б

1 17:51 17:57 18:00 18:13 18:27   Ленин району, Ш. Руставелли көчөсү, №46 үйдүн жанында “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
2.    6-АӨКБ

1 б

28-АӨКБ

1 б

ШТАБ

1 22:11

 

22:23

 

22:26

22:18

 

22:30

 

22:40

23:40 01:20 01:40

 

01:48

 

01:47

  Октябрь району, Ч.Айтматов проспектиси №95, жыгач устундуу темир жабылган кафесинин 100 чарчы метр чатыры, кошумча бастырманын астында 3 тонна көмүр жана 10 үстөл күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 2 ствБ

Ысык-Көл облусу

3.    15-АӨКБ

1 б

1 08:27 08:31 08:45 09:15 09:42   Каракол шаары, Тыныстанов көчөсү №55, имараттын ичинде 3 чарчы метр пол күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
4.    15-АӨКБ

1 б

1 23:50 23:54 бөлүм жеткенге чейин 00:30   Каракол шаары,  Токтогул көчөсү №277, мейманканада чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Жалал-Абад облусу

5.    65-ӨКБ

1 б

1 16:02 16:16 16:20 17:30 17:51   Сузак району, Атабеков айыл аймагынын, Бек-Абад айылы, Х.Абдрахманов көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 200 чарчы метр чатыры, 100 түк саман жана 180 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2 ствБ
6.    56-ӨКБ

1 б

1 04:47 04:50 04:55 06:10 06:35   Таш-Көмүр шаары, Шамалды-Сай шаарчасы, Кыргызстан көчөсү №10/3, жыгач устундуу тунике жабылган дүкөнүнүн 24 чарчы метр чатыры жана 10 муздаткыч күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 2 ствБ
7.    65-ӨКБ

1 б

1 18:46 18:48 18:55 19:50 19:57   Сузак району, Сузак айыл аймагы, Сузак айылы, Дакан Палван көчөсү №19, темир устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 60 чарчы метр  чатыры, 100 түк чөп жана 50 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 2 ствБ

Талас облусу

8.    91-ӨКБ

1 б

1 19:07 19:17 бөлүм жеткенге чейин 19:43   Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Совет көчөсү №34, турак үйдүн ашкана бөлмөсүнөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Бишкек шаары

2019-жылдын 12-июну күнү саат 21:06да Ленин районунун Чүй проспектисинде Ала-Арча суусуна 35-40 жаштагы эркек киши түшүп кеткен.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаганды суудан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп берген. Абалы канаатандырарлык.

Ош шаары

2019-жылдын 12-июну күнү саат 22:45те КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ашымакунов көчөсүндөгү №42 үйүнүн жабылып калган батиринин эшигин ачып беришкен.

2019-жылдын 13-июну күнү саат 02:44тө КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Раззаков көчөсүндөгү №24 үйүнүн 43-батиринин жабылып калган батиринин эшигин ачып беришкен.

2019-жылдын 13-июну күнү саат 06:10до КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Алиев көчөсүндөгү №113 үйүнүн жабылып калган батиринин эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here