Комплектөө планынын негизинде окуулар өткөрүлүдө

0
56 просмотров

2019-жылдын 11-13-июнь күндөрү Ош, Баткен, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын райондук жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын штаб башчыларына окуу өткөрүлдү.

Окуту Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан 2019-жылга бекитилген КРнын ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун 2019-жылга комплектөө Планынын негизинде өткөрүлүп.

Окуулар бекитилген программага ылайык өттүп, программанын ичинде төмөнкүлөргө боюнча сабактар өттү: “Кыргыз Республикасынын ЖКМС анын иштөө режимдери, Жарандык коргонуу жаатындагы укуктук-ченемдик актылар, Жарандык коргонуу уюштуруу жана жүргүзүү, Жарандык коргонуу иш-чаралар пландары, Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жана мындан сырткары авариялык, куткаруу иш-чаралрын жана башка кечиктирилгис иштерди жүрүгүзүүнү камсыздоо жумуштары, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандар жана терроризмге каршы иш-чаралар”.

Бул окуунун максаты өзгөчө кырдаалдардан коргоо иш-чараларынын мерчемдерин түзүү, Жарандык коргонуу иш-чараларынын пландарын өздөштүрүү болуп саналат.

Жогоруда көрсөтүлгөн мерчемдин негизинде окууларга баары болуп 45 адам катышты, анын ичинен:

-Бишкек шаары — 1;

-Чүй облусунан -16;

-Ош облусунан -14;

-Баткен облусунан -14 киши катышты.

Окуулар түштүк аймагы боюнча Ош шаарынын Учар айылындагы, ал эми түндүк аймагы боюнча Ленинское айылындагы окуу борборлордо өткөрүлдү.

Окуунун жыйынтыгында ЖК кызматттарынын штаб башчыларына көрсөтмө куралдар жана өткөрүлгөн сабактардын материалдары электрондук жүктөлмөлөрүнө өткөрүлүп берилип, борбордун сертификаттары тапшырылды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here