Нарын облусунун аймагындагы туруксуз аба-ырайы тууралуу маалымат

0
56 просмотров

2019-жылдын июнь айынын 1-жарымындагы туруксуз аба ырайынын кесепетинен жаан-чачындар жана тоолуу аймактарда кар аралашкан жаан-чачындарынын күтүлүшү тууралуу Нарын облусунун калкына, жарандык оргонуу кызматтарына шашылыш эскертүүлөр жеткирилген.

2019-жылдын 8-июндун 9-июньга караган түнү Ат-Башы районунун алыскы жайлоосу болгон Ак-Сай өрөөнүнө 10 см ден 25 см калыңдыкта кар түшүп, 9-10 июнь күндүзү кар ээрип, жер карарган. Айыл өкмөтттөргө, райондук мамлекеттик администрацияларга жана ӨКМге Ак-Сай өрөөнүндө мал жандык кармап жаткан жарандардан кандайдыр бир жардамга муктаждык бар деген кайрылуулар болгон эмес. Ошол эле учурда кардын түшкөнү менен байланышкан жагдайлар зыяндарга алып келген эмес. Жол каттамы жабылган жок, адамдардын өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Ак-Сай өрөөнүнүн жайлоосунда болжолдуу 50 түтүн кыштаган, учурда тиешелүү мал жандыктарын тиешелүү тоюттары бар. 

Кардын жаашы Нарын облусунун Сөң-Көл өрөөңүндө катталган. Күтүлүүчү туруксуз аба-ырайы боюнча маалыматтар, шашылыш эскертүүлөр калкка өз учурунда жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 
13-16-июнь Нарын облусунда күтүлгөн туруксуз аба-ырайынын кесепетинен кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат райондук администрацияларга, Жарандык коргонуу кызматтарына жеткирилди.


КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here