Таласта КР ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн “Өрт өчүрүүчү-куткаруучу” категориясы боюнча окуу өтүүдө

0
71 просмотров

2019-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнь аралыгында КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүктөрүнүн “Өрт өчүрүүчү-куткаруучу” категориясынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча КР ӨКМнин алдындагы  КР ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору окутуу курамы тарабынан окуу өткөрүлүүдө.

Окуунун жүрүшүндө  авариялык куткаруу иштериндеги көп кабаттуу үйдөн адамдарды куткаруу ыкмалары жана көп кабаттуу үйдөгү өрттү өчүрүү боюнча практика жүзүндө көрсөтүлүп, ошондой эле “Өрт өчүрүүчү-куткаруучу” категориясынын дене-тарбия даярдыктарын баа берүү үчүн норматив боюнча зачет алынды.

Окуу Талас шаарындагы Талас облусу боюнча башкармалыгынын базасында өтүүдө.

Окууга  29- Өрт өчүрүүчү-куткаруучу катышууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here