Ысык-Көл облусунда калкты жана аймактарды коргоо боюнча жумуштар аткарылууда

0
162 просмотров

Калкты жана аймакты сел, суу ташкындарынан, жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашынан сактоо максатында 2019-жылдын мерчемине 25 объект киргизилип, бүгүнкү күндө 10 обьектиде жумуш аяктап 5 обьектиде жумуш улантылууда. Натыйжада 220  турак үй,   чарбалык курулуштары, 1 административдик имарат, 277 га айдоо аянты, 1 мүрзө, 10  огород  участкасы корголду.

Тон  районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы    Ак-Терек суусунун жээгин бекемдөө аяктады, 463 чарчы метр жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Натыйжада 17 турак үй жана 10 огород участкасы корголду.Актерек  айыл аймагынын  Калкагар айылына селден сактоочу дамбаны тазалоо иштери жүргүзүлүп, 970 чарчы метр тазаланды. Натыйжада 20 турак үй жана 215 га айыл чарба жери корголду. Ал эми  Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында коопту Ак-Суу суусун нугун казып ондоо иш-чараларына КР ӨКМнин 1 даана эксковатор техникасы менен иш алып барууда. Жети-Өгүз районунун Тамга а/а  Тамга  айылынын “Уу-Булак” тилкесиндеги сел суулары өтүүчү сайдын нугун мехтазалоо иштери башталып,  КР ӨКМнин 1 даана эксковатору менен жумуш аткарылды. Мындай аракеттер коопту делген участкаларда аткарылууда.
     Мындан тышкары 2019-жылга карата «Жашылдандыруу долбоору» аткаруу максатында 16 ,9 га жер аянтка 28 780 даана көчөттөр отургузулуп, натыйжада 982 турак үй корголду.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here