2019-жылдын 18-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
83 просмотров

I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

18-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 01:03тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Аксы районунун Ит-Сай айылында – 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

2019-жылдын 17-июну саат 08:00дөн 18-июнь саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 3-АӨКБ

1 б

1 15:02 15:13 15:24 15:25 15:42 Свердлов району. Табачный көчөсү. Сарайда жыйылган 10 ч.м. отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2. 7-АӨКБ

1 б

1 15:40 15:55 16:12 16:42 17:07 Свердлов району. Ауэзов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде, ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. кол каражат
3. 4-АӨКБ

1 б

1 20:42 20:53 21:00 21:05 21:49 Ленин району. Жал-29 кичи району, №22 үйдүн жанында, ачык аянтта 300 ч.м. куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

4. 7-ӨКБ

1 б

1 17:48 18:19 19:12 20:28 21:40 Аламүдүн району. Октябрь айылы, Шоссейный көчөсү. Жалпы аянтты 56 ч.м. болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталуда. 1ствБ

Ош облусу

5. 66-ӨКБ

1 б

1 10:56 11:36 11:45 12:40 13:20 Кара-Кулжа району. Кенеш а/а, Пор айылы, Турак үйдүн короосунда жыйылган 2 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
6. 25-АӨКБ

1 б

1 11:08 11:18 11:23 11:38 12:18 Кара-Суу району. Савай а/а, Султан-Абад айылы, Долон-Чек көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган курулуш чарба дүкөндүн бастырмасынын 20 ч.м. чатыры жана 25 даана пенопласт күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

7. 62-АӨКБ

1 б

1 09:52 09:58 жеткенге чейин 10:30 Кызыл-Кыя шаары. Исфайрам көчөсү. Турак үйдүн бөлмөсүндө 2 ч.м. үй эмереги жана төшөнчү күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.
8. 75-ӨКБ

1 б

1 10:20 10:25 10:40 10:48 11:50 Кадамжай району. Үч-Коргон а/а, Үч-Коргон айылы, Дадабаев көчөсү. Ачык аяннта 450 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствА

Жалал-Абад облусу

9. 20-АӨКБ

1 б

1 18:17 18:20 18:22 18:30 19:10 Жалал-Абад шаары. Пушкин көчөсү. ачык аянтта 4 сотка  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 1ствБ
10.       55-ӨКБ

1 б

1 19:31 20:12 20:16 20:35 21:27 Ноокен району. Ноокен а/а, Шалка айылы, ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 2019-жылдын 17-июну саат 08:00дөн 18-июнь саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ 

Бишкек шаары Октябрь району. Куткаруучулар 8-кичи районундагы №1б үйүнүн батиринин эшигин ачып беришкен. 5 куткаруучу тартылган.

Чүй облусу Жайыл району. 2-июнь күнү Суусамыр а/а караштуу Биринчи Май айылында 2016-ж.т. К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон (ата-энесинин айтуусу боюнча сууга агып кетиши мүмкүн). Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында жалпы 38 куткаруучу тартылып, Нарын облусунун Жумгал районунун Көкөмерен дарыясынын жээгинде издөө иштерин жүргүзүшкөн, Издөө иштери 18-июнь күнү уланууда, 38 куткаруучу тартылган.

Чүй району. 17-июнь күнү Ибраимов а/а  Шамшы айылындагы Шамшы суусуна  2005-ж.т. Ш.Б. аттуу эркек бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматынан түшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында бүгүн,  саат 09:15те жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.  Издөө ишине КР ӨКМнен 5 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.

Талас облусуТалас шаары. 16-июнь күнү Кең-Арал айылындагы Талас дарыясына 1929-ж.т. С.З аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат бүгүн келип түшкөн (16-июнь күнү туугандары өз алдынча издөө жүргүзүшкөн). 17-июнь издөө иш-чараларына КР ӨКМнен жалпы 20 куткаруучу тартылган, натыйжасында саат 16:20да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди

Жалал-Абад облусу Аксы району. 16-июнь күнү Үч-Коргон а/а, Нарын айылындагы Нарын дарыясына 2004-ж.т. Д.З. аттуу кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн. 18-июнь күнү издөө иштери улантылат, 10 куткаруучу тартылган.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here