2019-жылдын 19-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
223 просмотров

2019-жылдын 19-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

 Октябрь районунда 2019-жылдын 18-июнь күнү саат 16:12де Матросов көчөсүнүн №6а дарегинде жайгашкан “Чыналиев” ЖЧКнун “Чебер групп” эмерек цехинен өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен эмерек цехинин 300 чарчы метр аянты,  2 даана компрессор, 2 даана жыгач иштетүүчү станок, 1 даана матрас токуучу станок, 1 даана айнек чаптоочу станок, 2 даана электр жел сордургуч, 10м3 эмерек жыгачы жана “Сан клуб” бильярд ойноочу жайдын 3 чарчы метр темир чатыры күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок.

КР ӨКМнин ККББнан ыкчам тобу КБП (ППУ), өрт өчүрүү Штабы, 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 16:40та чектөөгө алынып, саат 17:45те толук өчүрүлгөн.

I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендикмүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.       Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1. 5-АӨКБ

1 б

1 б

1 10:44

 

11:03

11:00

 

11:18

12:03 12:36

 

12:55

Октябрь району, Малдыбаев көчөсү, аянты 30 чарчы метр вагон толук жана 100 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2. 8-АӨКБ

1 б

1 11:02 11:20 11:45 11:56 12:23 Биринчи Май району,М.Ганди бульвары жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилиши, ачык аянтта 300 чарчы метр куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3. 4-АӨКБ

1 б

1 11:28 11:55 жеткенге чейин 12:47 Биринчи Май району, Каарман кыска көчөсү №25, турак үйдүн бөлмөсүндө эмерек күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
4. 28-АӨКБ

1 б

1 15:07 жеткенге чейин 15:15 Ленин району, Кожомкул көчөсү, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
5. 5-АӨКБ

1 б

1 15:39 15:45 15:52 16:14 18:43 Октябрь району, Л.Толстой жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде, ачык аянтта темир жолдун жээгинде 300 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
6. 5-АӨКБ

1 б

7-АӨКБ

1 б

4-АӨКБ

1 б

3-АӨКБ

1 б

штаб

ППУ

1 БИС 16:12

 

16:14

 

16:19

 

16:20

 

16:15

16:35

16:16

 

16:16

 

16:23

 

16:30

 

16:28

16:45

16:40 17:45 18:37

 

18:43

 

17:45

 

17:34

 

18:10

17:20

Октябрь району, Матросов көчөсү №6а, “Чыналиев ЖЧКасы” Чебер групп эмерек цехинин ичинде жалпы аянты болжол менен 300 чарчы метр, 2 даана компрессор, жыгач иштетүүчү станок ЧПУ 2 даана, матрас токуучу станок 1 даана, айнек чаптоочу станок  1 даана, электр жел сордургуч 2 даана, 10 куб эмерек материалы (ЛДСП), майлоочу цех, батыш тарабында жакын жайгашкан   “Сан клуб” бильярд ойноочу жайдын 3 чарчы метр темир чатыры, кондиционер, күйгөн. Өрттүн себеби:  такталууда. 2ствА

3ствБ

 

7. 3-АӨКБ

1 б

1 16:44 16:56 —- 17:09 17:25 Октябрь району, Тыныстанов жана  Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.           Кол каражат
8. 4-АӨКБ

1 б

1 18:40 18:46 19:05 19:31 19:59 Ленин району, Асаналиев жана Левоновск көчөлөрүнүн кесилишинде, тосулган аянтта 50 сотых куураган чөп, 2 даана куураган бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

9. 22-АӨКБ

1 б

 

1 13:15 13:38

 

13:45 13:57 15:00

 

 

Жайыл району, Сары-Булак айыл аймагы, Сары-Булак айылы, 20 чарчы метр  битум күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.        21-АӨКБ

1 б

1 13:20 13:30 13:35 13:40 13:50 Токмок шаары, Жантаев көчөсү, ачык аянтта 150 чарчы метр  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.        1-ӨКБ

1 б

1 18:18 18:27 18:47 19:15 19:21 Аламүдүн району, Ленинское жана Молдовановка айылдарынын ортосунда, ачык аянтта 100 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.        15-ӨКБ

1 б

1 22:55 23:12 00:40 00:55 02:09 Москва району, Комсомол көчөсү, жыгач устундуу тунике жабылган сарайдын 400 чарчы метр чатыры жана 200 түп чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.        27-АӨКБ

1 б

1 00:02 00:08 00:13 00:40 02:38 Ысык-Ата району, Кант шаары, Логвиненко көчөсү, жалпы аянты 15 чарчы метр болгон сарай күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.        27-АӨКБ

1 б

1 00:40 00:45 01:15 02:25 02:52 Ысык-Ата району, Люксенбург айылы, Советский көчөсү, жыгач устундуу тунике жабылган чарба курулуштун 116 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас району

15.        100-ӨКБ

1 б

1 14:07 14 17 14:23 15:17 15:52 Манас району, Покровка айыл аймагы, Жайылган айылы, ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

16.        65-ӨКБ

1 б

1 09:28 09:37 09:47 11:15 11:30 Сузак району, Сузак айыл аймагы,Жаңы-Дыйкан айылы, жыгач устундуу тунике жабылган эки кабаттуу бастырманын 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
17.        55-ӨКБ

1 б

1 12:13 12:15 12:20 13:10 13:55 Ноокен району, Масы айыл аймагы, Масы айылы, Б.Тажиматов көчөсү н/ж, турак үйдүн 30 чарчы метр  жыгач шыбы жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
18.        56-ӨКБ

1 б

1 19:40 19:50 19:53 20:13 20:40 Таш-Көмүр шаары, Тендик айылы, Кашкулак көчөсү, ачык аянтта жыйылган 300  боо  отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
19.        58-ӨКБ

1 б

1 21:12 21:18 —- жеткенге чейин 21:24 101 Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Женижок көчөсү, ачык аянтта 5 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. —-

Ош облусу

20.        53-ӨКБ

1 б

1 13:59 жеткенге чейин 15:09 Өзгөн району, Кызыл-Тоо айыл аймагы, Эркин-Тоо айылы, жыгач устундуу темир жабылган эки кабаттуу сарайдын 210 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. —-

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 2019-жылдын 18-июну күнү саат 16:59да КР ӨКМнин  Бишкек шаардык башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары 5-кичи районундагы №36 үйүнүн жабылып калган батиринин эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Жайыл районунда 2019-жылдын 2-июнь күнү Суусамыр айыл аймагына караштуу Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон (ата-энесинин айтуусу боюнча сууга агып кетиши мүмкүн). Издөө иштерине жалпы 37 куткаруучу тартылган. Издөө иштери улантылууда.

Чүй районунда 2019-жылдын 17-июнь күнү Ибраимов айыл аймагынын Шамшы айылындагы Шамшы суусуна  2005-жылы туулган Ш.Б. аттуу эркек бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматынан түшкөн.  Издөө иштерине Токмок шаардык №21 АӨКБдан 6 куткаруучу тартылып,  саат 09:15те  куткаруучулар тарабынан баланын жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жалал-Абад облусу

Аксы районунда 2019-жылдын 16-июнь күнү Үч-Коргон айыл аймагынын Нарын айылындагы Нарын дарыясына 2004-жылы туулган Д.З. аттуу кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.

Издөө иштерине КР ӨКМден жалпы 17 куткаруучу тартылган, анын ичинен 8 куткаруучу кайык менен Нарын дарыясы аркылуу Өзбек Республикасынын аймагына өтүшүп, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Издөө иштери уланууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here