Октябрь районунда 2019-жылдын 18-июнь күнү саат 16:12де Матросов көчөсүнүн №6а дарегинде жайгашкан “Чыналиев” ЖЧКнун “Чебер групп” эмерек цехинен өрт чыккан.
Өрттүн кесепетинен эмерек цехинин 300 чарчы метр аянты, 2 даана компрессор, 2 даана жыгач иштетүүчү станок, 1 даана матрас токуучу станок, 1 даана айнек чаптоочу станок, 2 даана электр жел сордургуч, 10м3 эмерек жыгачы жана “Сан клуб” бильярд ойноочу жайдын 3 чарчы метр темир чатыры күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок.
КР ӨКМнин ККББнан ыкчам тобу КБП (ППУ), өрт өчүрүү Штабы, 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 16:40та чектөөгө алынып, саат 17:45те толук өчүрүлгөн.