2019-жылдын 20-июну   саат 08:00гө карата  Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча  ыкчам маалымат

0
192 просмотров

Шашылыш билдирүү!

 2019-жылдын 22-июнунда күндүз жана 23-июнда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 22-23-июнь күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 19-июнь күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кыодаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 20-июнь күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

  Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

2019-жылдын 19-июну саат 08:00дөн 20-июнь саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Сутка ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    7-АӨКБ

1 б

1 10:56 11:05 11:40 12:07 12:37   Октябрь району. Көк-Жар калктуу конушу, Достаевский көчөсү. Ачык аянтта 2,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
2.    6-АӨКБ

1 б

1 15:51 16:05 16:25 16:57   Ленин району. Ак-Ордо жаңы конушу. Ачык аянтта 3,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ош шаары
3.    85-ӨКБ

1 отд

1 20:52 21:00 жеткенге чейин 21:52   Кулматов көчөсү №15А. Турак үйдүн чатырынан чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
4.    13-АӨКБ

1 б

1 23:12 23:40 23:45 00:04 00:30   Раззаков көчөсү. Ачык аянтта 2,5 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн чыгуу себеби такталууда. кол каражат
Чүй облусу
5.    15-ӨКБ

1 б

1 16:52 17:02 18:13 21:41 22:00   Москва району. Беловодск айылы, Ленин көчөсү. Таштанды таштоочу жайдын 1 га аянтында таштандылар күйгөн.  Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
6.    21-АӨКБ

1 б

1 17:54 17:58 18:06 18:30   Токмок шаары. Сарыбагышев көчөсү №82. Ачык аянтта 200 чарчы метр куураган чөп күйгөн.  Өрттүн чыгуу себеби такталууда. кол каражат
7.    23-АӨКБ

1 б

1 18:21 18:27 18:35 18:42 18:50   Сокулук району. Шопоков шаары, Промышленная көчөсү. Ачык аянтта 150 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
8.    21-АӨКБ

1 б

1 18:33 18:43 18:55 19:07 19:37   Чүй району. Чүй айылы, Мельничная көчөсү №1. Ачык аянтта 200 чарчы метр куураган чөп, камыш жана электр зым карагайы күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
9.    23-АӨКБ

1 б

1 04:46 04:52 05:05 06:40 06:55   Сокулук району. Шопоков шаары, Октябрь көчөсү №10. Жыгач устундуу шифер жабылган  ашкананын 100 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ош облусу
10.           102-ӨКБ

1 б

1 17:47 18:24 18:34 20:18 21:00   Кара-Суу району. Нариман айыл аймагы, Каратай айылы, Абдуллаев көчөсү №4. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 84 чарчы метр чатыры, 60 түк чөп жана 100 түк пахта сабагы күйгөн. Өрттүн келип чгыуу себеби: жаш балдардын от менен болгон шоктугу.   1ствБ
11.           103-ӨКБ

1 б

1 18:30 18:35 19:05 19:42 20:16   Өзгөн району. Куршаб айыл аймагы, Ынтымак көчөсү. Ачык аянтта 0,5га  куураган чөп күйгөн.  Өрттүн чыгуу себеби такталууда. Кол каражат
Жалал-Абад облусу
12.           55-ӨКБ

1 б

1 06:37 06:55 07:00 08:01 09:04   Ноокен району. Кочкор-Ата шаары, Мурадиана көчөсү №19. Жыгач устундуу шифер жабылган тиш дарылоочу жайдын 250 чарчы метр чатыры, полу жана ичиндеги эмеректери күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
13.           46-ӨКБ

1 б

1 19:46 19:50 19:57 20:18 20:34   Тогуз-Торо району. Каргалык айыл аймагы, Нур-Жайык айылы. Кичи базардагы вагондун 12 чарчы метр шыбы күйгөн.  Өрттүн келип чгыуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
Талас облусу
14.           91-ӨКБ

1 б

1 11:07 11:14 11:15 11:30 11:57   Кара-Буура району. Чолпонбай айылы, Чолпонбай көчөсү. Ачык аянтта 25 чарчы метр куураган чөп күйгөн.  Өрттүн келип чгыуу себеби такталууда. 1ствБ
15.           91-ӨКБ

1 б

1 б

1 18:31

 

18:43

18:32

 

18:44

19:12 19:32 20:18

 

19:30

  Кара-Буура району. Кызыл-Адыр айылы,  Ч.Айтматов көчөсү. Салондун  жер төлөөсүнүн 24 чарчы метр аянты күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствА

2ствБ

Нарын облусу
16.           43-ӨКБ

1 б

1 17:30 17:35 17:41 17:55 18:12   Жумгал району. Чаек айылы, Р.Абдиев көчөсү №85. Ачык аянтта 0,5 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

         КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон:

Чүй облусу

 Жайыл району. 2-июнь күнү Суусамыр айыл аймагына караштуу Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган  К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон (ата-энесинин айтуусу боюнча сууга агып кетиши мүмкүн). Издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 12 куткаруучу, КР ӨКМнин Жумгал райондук №43 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу,  КР ӨКМнин Жумгал райондук №44 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн  8 куткаруучу,  КР ӨКМнин Нарын шаардык №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгунөн 4 куткаруучу, КР ӨКМНин Кочкор райондук №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 куткаруучу, ӨКМден  жалпы 33 куткаруучу тартылып, Нарын облусунун Жумгал районунун Көкөмерен дарыясынын жээгинде издөө иштерин жүргүзүшкөн, саат 19:20да издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Бүгүн, 20-июнь күнү издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМнен жалпы 23 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет.

Ысык-Ата району. 2019-жылдын 19-июнь күну саат 10:45 чамасында Кант шаарында Чоң-Чүй каналынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына келип түшкөн. Жерине КР ӨКМнин №27 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, суудан болжол менен 35-40 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин  жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 Жайыл району. 2019-жылдын 19-июнь күнү саат 18:26да  КР ӨКМнин №22 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Кара-Балта шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан №25 көп кабаттуу үйдүн чатырынан антенаны (жарандарга кооптуу абал жараткан) түшүрүп беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here