Толуктоо мерчеминин негизинде окуулар өткөрүлүүдө

0
72 просмотров

             2019-жылдын 18-июнунан 20-июнуна чейин Нарын, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад облустук жана шаардык, Ош шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын штаб башчылары менен окуу өткөрүлдү.

Окуулар бекитилген программага ылайык өткөрүлдү, алар төмөнкүлөр: “Кыргыз Республикасынын ЖКМС анын иштөө режимдери, Жарандык коргонуу (ЖК) жаатындагы укуктук-ченемдик актылар, ЖК уюштуруу жана жүргүзүү, ЖК иш-чаралар пландары, ЖКнун башкаруу органдарын, күчтөрүн даярдоонун, калкка ЖК тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жана мындан сырткары авариялык куткаруу иш-чараларын жана башка кечиктирилгис иштерди жүрүгүзүүнү камсыздоо жумуштары, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандар жана терроризмге каршы иш-чаралар”.

Аталган окууга бүгүнкү күндүн көйгөйү болүп жаткан калк арасындагы өзгөчө жаштар арасындагы сүицид боюнча атайын адис, психолог Танаева Айзаада Турдубековна тартылды.

Бүл окутуунун максаты өзгөчө кырдаалдардан коргоо иш-чараларынын мерчемдерин түзүү, Жарандык коргонуу иш-чараларынын пландарын өздөштүрүү болүп саналат.

Жогорүда көрсөтүлгөн мерчемдин негизинде окутууларга баары болүп 45 адам катышты.

Окуулар түштүк аймагы боюнча Ош шаарынын Үчар айылындагы, ал эми түндүк аймагы боюнча Ленинское айылындагы окуу борборлордо өткөрүлдү.

Окуунун жыйынтыгында ЖК кызматттарынын штаб башчыларына көрсөтмө куралдар жана өткөрүлгөн сабактардын материалдары электрондүк жүктөлмөлөрүнө өткөрүлүп берилип, борбордүн атайын сертификаттары тапшырылды.

 Аталган окутуу  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан 2019-жылга бекитилген КРнын ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун 2019-жылга комплектөө мерчеминин негизинде жүргүзүлдү.

КР ӨКМнин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here