Табигый кырсыктардан сактануу максатында  алыскы аймактардагы калк арасында окутуулар өткөрүлдү

0
219 просмотров

Потенциалдуу коркунучу бар аймактарда жашаган калкты жеринде барып окутуу Мерчеминин негизинде  2019-жылдын 10-июнь тартып 19-июнь чейинки аралыкта Ош облусунун Алай, Чон-Алай жана Кара-Кулжа районундагы жана Талас облусунун, Талас району,Талас шаары Бакай-Ата Кара-Буура Манас райондорундагы  потенциалдуу кооптуу айылдарында жашаган калкты табигый мүнөздөгү  өзгөчө кырдаалдар мезгилинде, тактап айтканда жер көчкү, сел коркунучу туулганда жана жүргөн мезгилде жүрүм-турум эрежелерин, сактануу ыкмалары боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргузүү, ошондой эле “Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери” сабагын окуткан мугалимдеринин даярдыгын жогорулатуу боюнча окуулар өткөрүлдү.

Окуунун жүрүшүндө угуучуларга жеринде барып окутуу программасынын негизинде жана тематикасына ылайык аталган аймакта табигый жана техногендик мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдар боюнча маалыматтар, калкты кабарландыруу системасы боюнча, кандай учурларда жана кандай тартип боюнча  калкты көчүрүү (эвакуациялоо) иш-чаралары жүргүзүлөт, өзгөчө кырдаал катталган учурларда өздөрүн алып жүрүү эрежелери, сактануу ыкмалары жөнүндө, ошондой эле райондордогу медицина кызматтарынын өкүлдөрү тарабынан алгачкы дарыгерге чейинки тез жардам көрсөтүү ыкмалары, коомдук тартипти сактоо кызматынын өкүлдөрү тарабынан табигый кырсыктар туулганда кызматтын функционалдык милдеттери жана кылмыштарды жана терроризмдин алдын алуу жолдору жөнүндө, ал эми өрткө каршы кызматынын кызматкери өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча терең маалыматтар видеоролик, презентация жана лекция түрүндө берилди.

Окууларга баары болуп Ош облусунан 496 угуучу, ал эми Талас облусунан баары болуп 2075 адам окутулду.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here