2019-жылдын 21-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча  ыкчам маалымат

0
120 просмотров

 Шашылыш билдирүү!

 2019-жылдын 22-июнунда күндүз жана 23-июнда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба — ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 22-23-июнь кундөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 19-июнь күнү КР ӨКМнин  телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

21-июнь күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарынд жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 21-июль күнү саат 00:51де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Аксы районунун Кербен шаарында 3 баллга, Мундуз, Күлүк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жана Сары-Кашка айылында 2 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

2019-жылдын 20-июну саат 08:00дөн 21-июнь саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.      5-АӨКБ

1 б

1 18:30 18:40 18:51 18:58 19:18   Октябрь району. Көк-Жар жаңы конушу, Куйручук-Шоокум көчөлөрүнүн кесилишинде  ачык аянтта 400 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
2.      4-АӨКБ

1 б

1 21:48 21:51 бөлүм жеткенге чейин 21:55   Биринчи Май району. Токтогул жана Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
3.      2-АӨКБ

3-АӨКБ

1 б

1 б

ШТАБ

1 22:52

 

22:52

 

23:47

23:05

23:05

 

 

23:07

 

 

00:00

 

23:25

00:04 02:47 03:15

 

01:28

 

00:46

00:10

  Свердлов району. Полевая көчөсү №9.  Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн жана жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 90 чарчы метр чатыры, 2 рулон кебез күйгөн. Кырсыктын кесепетинен өрт кошуна үйгө өтүп кеткен. Полевая көчөсү 9А. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби  такталууда. 3 ствБ
Ош шаары
4.      12-АӨКБ

1 б

1 14:25 14:31 14:35 14:45 15:00   Анар шаарчасы №9 үйдүн жанында аянты 90  чарчы метр куураган чөп  күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
5.      13-АӨКБ

1 б

1 22:34 22:38 22:50 23:16 23:29   Абдуллаев  көчөсү № 17.  Жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 50  чарчы метр  чатыры, эски эмеректери күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Чүй облусу
6.      15-ӨКБ

1 б

 

1 08:22 08:32 08:52 11:15 11:25   Москва району. Беловодск айылы, Ленин көчөсү. Ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2 ствБ
7.      23-АӨКБ

1 б

1 14:22 14:55 бөлүм жеткенге чейин 15:40   Сокулук району. Сокулук айылы. Ачык аянтта куураган чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
8.      15-ӨКБ

1 б

1 14:35 14:40 14:43 14:48 15:20   Москва району. Беловодск айылы, Колхозная көчөсү. Ачык аянтта 0,20 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1 ствБ
9.      4-ӨКБ

1 б

1 16:59 17:37 19:07 01:20 02:10   Ысык-Ата району, Рот-Фронт айылы. Жалпы аянты 1000  чарчы метр  бастырмада жыйылган 1700 түк чөп күйгөн. Өрттун келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
10.  22- АӨКБ

1 б

1 19:20 бөлүм жеткенге чейин 19:45   Жайыл району. Кара-Балта шаары, Гвардейский көчөсү №12 үйдө электр калканы күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
11.  22-АӨКБ

1 б

1 05:52 05:58 06:13 06:26 06:50   Жайыл району. Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү кант заводдун аймагында 60  чарчы метр  куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Ош облусу
12.  53-ӨКБ

1 б

1 15:50 15:55 бөлүм жеткенге чейин 16:13   Өзгөн району. Өзгөн шаары, Манас көчөсү .  Жол жээгинде  “Мерседес Бенц”  үлгүсүндөгү унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
Талас облусу
13.  93-ӨКБ

1 б

1 21:49 22:20 22:30 22:37 23:34   Бакай-Ата району. Боо-Терек айылы. Ачык аянтта 10  чарчы метр  таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
14.  17-АӨКБ

1 б

1 23:35 23:37 23:47 23:58 00:40   Талас шаары, Сарыгулов көчөсү №28. Жалпы аянты 10  чарчы метр  вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1 ствБ
Ысык-Көл облусу
15.  36-ӨКБ

1 б

1 01:47 01:50 01:58 04:45 05:05   Жети-Өгүз району. Кызыл-Суу айылы, Комсомол көчөсү № 137. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 80  чарчы метр чатыры жана  10  чарчы метр киребериш бөлмөсү күйгөн. Кырсыктын кесепетинен өрт кошунасынын кампасына өткөн, жыгач устундуу шифер жабылган кампанын 28  чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон:

Бишкек шаары

 Октябрь району.  2019-жылдын 20-июнь күнү саат 12:30да КР ӨКМнин  Бишкек шаардык башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары  Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан №8а үйүнүн батиринин  жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Биринчи Май району.  2019-жылдын 20-июнь күнү саат 15:50дө  КР ӨКМнин  Бишкек шаардык башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары Панфилов көчөсүндө жайгашкан №1а үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ленин району. 2019-жылдын 20-июнь күнү саат 20:55 чамасында  Кулиев көчөсүндө көпүрөдөн Ала-Арча суусуна 1978-жылы туулган М.К. аттуу эркек киши кулап түшкөн. КР ӨКМнин  Бишкек шаардык башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары  жерине барышып жабыркаган жаранды алып чыгышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 Ош шаары 

2019-жылдын 20-июнь күнү саат 23:28 чамасында Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан №276 үйдүн батирин тургуну 1987-жылы туулган А.А. аттуу жараны 4-кабаттан секирип 1-кабатта жайгашкан «Мой доктор» ооруканасынын чатырына кулап түшүп, бутун кокустатып алган. КР ӨКМнин  Ош шаардык башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары жерине барышып жабыркаган жаранды чатырдан алып түшүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы канаатандыраарлык.

Чүй облусу

 

Жайыл району. 2-июнь күнү Суусамыр айыл аймагына караштуу Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон (ата-энесинин айтуусу боюнча сууга агып кетиши мүмкүн). Издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 23 куткаруучу тартылып, Нарын облусунун Жумгал районунун Көкөмерен дарыясынын жээгинде издөө иштерин жүргүзүшкөн, саат 19:00дө издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Издөө иштери 21-июнь күнү улантылат.

Ош облусу

 Араван району. 2019-жылдын 20-июнь күнү саат 13:50 чамасында  Нур-Абад айыл аймагынын  Кайрагач-Арык айылындагы Түштүк-Фергана каналына 2 адам (1 эркек жана 1 аял) сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде издөө ишин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Араван райондук №64 Өрт-куткаруу бөлүмунөн 15 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу, жалпы ӨКМден 22 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер  тарылган, бирок табылган жок. 21-июнь күнү издөө иштери улантылат. Мындан сырткары КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан Өзбек Республикасынын ӨКМне издөө иштерине жардам көрсөтүү жөнүндөгү кат жолдонгон. 21-июнь күнү издөө иштерин улантылат.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here