КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өрт кырсыктардын алдын алууга багытталган иш-чаралар ар дайым өткөрүлүп келет.
Ошону менен бирге, КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №43 мекемесинде, Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен шаардык жана Баткен облустук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №31 Самаркандек айылындагы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан өрт кырсыктарынын санын азайтуу жана болтурбоо максатында Ак-Татыр айылынын тургундары үчүн алдын алуу иш-чараларын уюштуруу менен жеринде өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулар кырсык болгон учурда ӨКМнин кызматкрлерине кабарлоону жана өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча кеңири маалымат ала алышты.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы.