Министр Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунда иш сапарда жүрөт

0
145 просмотров

Бүгүн, 2019-жылдын 21-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал – Абад облусунун Тогуз-Торо районунда иш сапарда жүрөт.

Иш сапардын максаты аталган райондогу кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында Министрлик тарабынан аткарылган жумуштарды жеринен көзөмөлдөп, дарыя жээктериндеги кооптуу участоктордогу жээк бекемдөө иштерин, селден коргоочу дамбалардын абалын жеринен көрүп, тиешелүү кечиктирилгис чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.

Алгач, министр Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын жанынан агып өтүүчү Нарын дарыясынын сол жээгин бекемдөө иштери менен таанышып, авариялык калыбына келтирүү мерчемине киргизүү маселеси каралды.

Иш сапардын жүрүшүндө Сары-Булуң айыл аймагы Кара-Суу айылынын жанынан агып өтүүчү 2018-2019-жылдардагы райондук командалык-штабдык машыгуунун жүрүшүндө Нарын дарыясынын сол жак жээгин бекемдөө боюнча аткарылган жумуштар менен таанышты.

Андан соң Атай айыл аймагынын Алай суусунун оң жак жээгинин 150 метр аралыгын габион сетка менен бекемдөө иштери менен жеринен көрдү. Аталган аймак КР ӨКМдин 2019-жылдагы иш-мерчемине кошумча объект катары сунушталды.

Ал эми Көк-Ирим Айыл-аймагынын Бирдик айылынан агып өтүүчү Көк –Ирим дарыясынын сол жак жээгинин Токой участкасындагы 300 метр аралыкта жээк бекемдөө жумуштарын жүргүзүү каралды.

Иш сапардын алкагында министр Н.Мирзахмедов Нарын облусунун Ак-Талаа районуна бармакчы.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here