Сууга түшөөрдө коопсуздугуңуз үчүн эрежелерди сактоону унутпаңыз

0
93 просмотров

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагындагы эң кооптуу деп саналган  Нарын дарыясынын жана Достук каналынын жээктерине сууга түшүүгө мүмкүн болбогон кооптуу жайларда эскертмелер илинди.

Ошондой эле калкка сууга түшүү эрежелери жана чөккөн адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Статистикага кайрылсак 2019-жылы Республика боюнча жалпысынан сууга чөгүп каза болгондордун саны 44 адамды түзсө, анын ичинен 12-жашка чейинки жаш өспүрүмдөр 15 бала катталган.

КР ӨКМдин адистеринен жайкы сууга түшүү мезгилине карата эскертүүлөр!!!

Эсиниздерде болсун:

  • сууга уруксаат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
  • тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
  • кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
  • күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
  • үйлөмө матрастарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
  • көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секируугө болбойт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here