Гидрометеорология боюнча агенттик административдик бош кызмат орундарга сынак жарыялайт

0
164 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт:

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар

 Административдик мамлекеттик улук кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

6) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

Маркетинг бөлүмү

  1. Башкы адис (пресс-катчы) (У-Б) – 1 бирдик:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: гуманитардык илимдер (реклама жана коом менен байланыштар, журналистика, лингвистика, филологиялык билим берүү, кыргыз, орус тилдеринин филологиясы).

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

  3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун.

3.2. Билгичтиги:

-пресс-релиздерди, маалымат бюллетендерин, сурап билме материалдарды жана башка маалымат продуктыларын даярдоо жана жайылтуу көндүмдөрү;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

4.Кызматчынын кызматтык милдеттери

  • Агенттиктин уюштуруучулук ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча массалык маалымат каражаттары, брифингдер жана пресс-конференциялар үчүн Агенттиктин пресс-релиздеринин жана маалымдамаларынын долбоорлорун даярдайт;
  • Агенттиктин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттери жана ишмердүүлүктөрүнүн  жыйынтыктары тууралуу  массалык маалымат каражаттарынын жардамы менен калкты маалымдоо үчүн материалдарды даярдайт;
  • Агенттиктин ишмердүүлүгү жөнүндө тематикалык, адистештирилген телевизиондук жана радио берүүлөрдү даярдайт жана чыгарат
  • Кыргызгидрометтин ишмердүүлүгүн пропагандалоо боюнча ММК менен ырааттуу иштерди жүзөгө ашыруу;
  • Кыргызгидрометтин расмий сайтын өркүндөтүү жана тынымсыз жаңылоо боюнча сунуштарды берет ж.б.у.с.

 

Юридикалык, укуктук камсыздоо сектору

  1. Сектордун башчысы ( У-А) – 1 бирдик:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция, юридикалык, укук таануу боюнча жогорку кесиптик билими.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси;

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө ” мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө” токтомун.

3.2. Билгичтиги:

-юриспруденция тармагындагы билими, сотто жалпы жана атайын юрисдикциялардагы, бардык инстанциялардагы иштерди жүргүзүү тажрыйбасы;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин билүүсү, аларды иш жүзүндө пайдалануу жөндөмү;

-жарандардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу;

-ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу көндүмдөрү;

-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-келишимдерди жана макулдашууларды түзүү боюнча иштөө көндүмдөрү.

4.Кызматчынын кызматтык милдеттери

  • сектордун ишин түздөн-түз жетектөө, кызматкерлерге аткарууга милдеттүү болгон оозеки буйрук жана көрсөтмөлөрдү берүү, аткарууга берилген документтерге резолюция коюу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө, бөлүмдүн ишиндеги уюштуруучулук маселелерди чечүү;
  • менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарда, мамлекеттик бийлик органдарында сектордун кызыкчылыгын коргоо;
  • башкармалыктарга жана бөлүмдөргө усулдук жана кеңеш берүүчүлүк жардамдарды көрсөтүү;
  • Кыргызгидрометтин ишмердүүлүгүнө керек болгон ченемдик укуктук документтерди табуу, топтоо жана сатып алуу;
  • агенттиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын эсебин жүргүзүү (инвентаризациялоо);
  • туура эмес жоболорду көрсөтүү менен анын кайсы мыйзамга туура келбегендиги, ченемдик укуктук актыларга, иш кагаздарын алып жүргүзүү нускамасына тийиштүү шилтеме жасалбагандыгы тууралуу кагаз жүзүндө бүтүмдү тиркөө менен долбоорду иштеп чыккан бөлүмгө (адистерге) кол коюусуз кайтарып берүү;
  • бөлүмдөргө (адистерге) кагаз жүзүндөгү бүтүмдөр менен кайтарылган мыйзамга туура келбеген долбоорлордун мыйзамга туура келтирилишин көзөмөлдөө;
  • зарылчылыкка байланыштуу келишимдердин үлгүлүү формаларын иштеп чыгып, аларды бөлүмдөргө өткөзүү;
  • Кыргызгидрометтин контрагенттеринин сунуштары менен болгон толук, же айрым келишпестиктерди сотко чейин жөнгө салууга чараларды көрүү;
  • агенттик берген ишеним каттын негизинде алып жүргөн жалпы жана атайын соттук юрисдикциядагы иштерди жасалгалоо, алып баруу, эсепке алуу жана сактоо.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Документтер конкурс жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде 2019-жылдын 25-июнунан 08-июлуна чейин төмөнкү дарекке тапшыруу керек: Бишкек шаары, Керимбекова  көч., 1, Кызматчылар менен иштөө бөлүмү 2-кабат, каб. 14 тел.:0312 31-46-99.

Маалыматты Агенттиктин (www.meteo.kg) жана КР МКК   (www.mkk.gov.kg)   сайттарынан да  алса болот.

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here