Жарыя!

0
111 просмотров

Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы төмөнкү мамлекеттик бош кызмат орунга сынак жарыялайт.

Башкармалыктын Ала-Бука району боюнча  өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башкы  адиси

(У-Б)-1орун;

     Квалификациялык талаптар:

— Кыргыз Республикасынын жараны, 21 жаштан жогору.

— Кесиптик билими деңгээли :  жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: техникалык, табигый илимдер, экономика жана башкаруу, архитектура жана курулуш, физика жана математика, саламаттыкты сактоо, байланыш, өзгөчө кырдаалдардан коргонуу.

— Иш стажы мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес болуусу;;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү.

—  мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.

—  Компьютердик техниканы билүүсү  шарт. (Microsoft Word. Microsoft Excel. Internet);

  -“Жарандык коргонуу жөнүндө”,”Авариялык-куткаруу кызматы жана куткаруучулардын статусу боюнча”Мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын   17-ноябрындагы   № 733 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү” токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  20-февралындагы   № 115 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө”, 2011-жылдын 3-январындагы №1” Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жана кризистик кырдааларда бирдиктүү маалымдоо-башкаруу системасы жөнүндөгү жобосун бекитүү жөнүндөгү” токтомдорун жана мыйзам актыларын билүүсү;

Кызматтык милдеттери:

райондо ӨК боюнча пландалган иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө жана анализдөө.

— райондун айыл аймактарынан, райондук кызматтардан маалымат топтоо;

-райондук Жарандык Коргонуу боюнча алдын алуу иш-чараларынын аткарылышына, ӨК алдын алууда жарандарды окутууга, машыгууларды өткөрүүгө катышуу;

-ӨК коркунучу пайда болгон мезгилде калкка маалымат жеткирүү жана кабарлоо;

-ӨК чыгымдарын өз убагында аныктоо жана жогорку органдарга жеткирүү.

Билгичтиги:

-Жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу,сунуш берүү;

-карталар менен иштей билүү жөндөмдүүлүгү:

-курулуш эрежелери жана нормаларын билүү;

-медицина жана химия боюнча түшүнүгү;

-иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү.

 Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз; кадрларды эсепке алуу боюнча баракча сүрөтү(4х6 ) менен; резюме, өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты  көрсөтүү менен); сунуш каттары (эгер болсо), паспорттун көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт), аскер билетинин көчүрмөсү (эгерде аскерге милдеттүү болсо), ден-соолугу боюнча маалымкат.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 10 жумуш  күндүн ичинде  күндүзү саат 8-30 дан 17.30 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Жусупбек Бакиев көчөсү № 15а, маалымат алуу телефону: (03722)2-04-62

 Сынак өткөрүү убактысы жана орду кошумча билдирилет.

Жарыя “Акыйкат” гезитинин 2019-жылдын 1-июлундагы № 26 санына жарыяланды

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here