Бош орундарга сынак жарыяланат!

0
54 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт:

1.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  Жалал-абад облусу боюнча башкармалыгынын каржы секторунун башчысы–“С-А” – (Жалал-Абад шаары)

Квалификациялык  жана жеке сапат талаптары:

Билими-жогорку – экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп жана аудит, каржы.

Стажы- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат  стажы же кесиптик чөйрөдө 3 жылдан  кем эмес иш стажы.

Төмөнкүлөрдү билүү: жалпы мыйзам актылары:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын  кароо тартиби жөнүдө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарын,

-Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

жана тиешелүү тармактар боюнча:

– КР Бюджеттик кодекси, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын,

2017-жылдын 01-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, 2014-жылдын 31-октябрындагы № 620 «Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомдорун;

-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137-Б  “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту  жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун;

— билгичтиги:

— каржы жана мерчемдөө отчётторун даярдоо жөндөмдүүлүгү;

— бюджеттин эксплуатациялык чыгымдарынын сметасын түзүү жөндөмдүүлүгү;

— негизги ишмердүүлүктүн түрлөрүнө жараша каржы, эмгек чыгымдарынын нормативдерин өркүндөтүү жана жүрүшүнө анализ жүргүзүү.

— “1С-бухгалтерия” программасын билүү.

Функционалдык милдеттери:

-Эмгек акыны эсептөөлөрдү, салыктарды эсептөө жана которууну камсыздоо;

-агенттиктин чарбалык-каржы ишмердүүлүгүнүн бухгалтердик эсебин уюштурууну жана материалдык, эмгек жана каржы ресурстарын үнөмдүү колдонуусун, мүлктү сактоону көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;

-баштапкы жана бухгалтердик документтерди, эсептешүүлөрдү жана төлөө милдеттенмелерин каттоо тартибин, эмгек акы фондунун сарп кылуусун,  негизги каражаттарды, товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын инвентаризациялоону көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;

-мыйзамдуулукту, документтердин убагында жана туура катталуусун, эмгек акыны эсептөөнү, салыктарды туура эсептөөнү жана бюджетке которууну, камсыздандыруу төгүмдөрүн социалдык фондко которууну камсыздоо.

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынака катышуу үчүн бардык калоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 2019-жылдын 29-июлуна чейин  төмөнкү даректер боюнча тапшыруу керек:

Ош шаары, Моминова көчөсү, 11, 3-кабат, каб.302. тел.:03222-20811,

Бишкек шаары, А.Токтоналиева көчөсү, 2/1, 4-кабат, каб. 409 тел.: 548945

Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mes.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын   (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Print Friendly, PDF & Email
БӨЛҮШҮҮ
Предыдущая статьяЖарыя!
Следующая статьяЖарыя!

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here