2019-жылдын 30-июлу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
67 просмотров

 

Шашылыш билдирүү: ченемден тышкары абанын температурасы жогорлашы күтүлөт!

2019-жылдын 1-3-августунда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 30-июлдан 3-августка чейин 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 25-июль күнү №02-34/690-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2019-жылдын 30-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

                    I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.      Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 39 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 42 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 6-АӨКБ

1 б

1 06:54 07:08 07:24 07:27 07:50 Ленин району, Ак-Өргө калктуу конушу, Ашар көчөсүдө таштанды таштоочу контейнердин ичинде таштанды жана 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2. 28-АӨКБ

1 б

1 11:46 11:53 12:09 12:21 12:40 Ленин району, Орто-Сай айылы, Иманбаев көчөсү №78, турак үйдүн короосунда 0,6 га куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
3. 8-АӨКБ

1 б

1 11:51 12:05 12:10 12:28 13:05 Биринчи Май району, Ч.Айтматов жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде 400 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ
4. 3-АӨКБ

1 б

5-АӨКБ

АШ

1 12:52

 

12:56

12:59

 

13:05

13:29 14:18 14:54

 

15:00

Свердлов району, Ибраимов көчөсү №113, көп кабаттуу турак үйдүн 14-кабатында электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
5. 4-АӨКБ

1 б

1 15:13 15:21 15:41 16:03 16:40 Ленин району, Султан Боронбай көчөсү №100а, ачык аянтта 150 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6. 4-АӨКБ

1 б

1 18:22 18:43 18:53 19:11 19:31 Октябрь району, АУЦА окуу жайынын  түштүк тарабында, ачык аянтта 350 чарчы метр   куураган чөп жана таштандылар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
7. 28-АӨКБ

1 б

1 21:17 21:24 жеткенге чейин башка өрткө кеткен Ленин району, Арча-Бешик калктуу конушу, Кулназаров көчөсүндө куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.    —

 

8. 6-АӨКБ

1 б

1 00:08 00:15 00:18 00:26 00:35 Биринчи май району, Кайназарова жана Троицский көчөлөрүнүн кесилишинде 30 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9. 4-АӨКБ

1 б

1 04:10 04:15 04:46 05:35 05:55 Ленин району, Ке-Суу көчөсү №1Ф, медициналык колледждин 2-кабатынын жыйындар залында муздаткыч, микроволновка жана стол  күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ

1зв.

ГДЗС

10.       5-АӨКБ

1 б

1 05:06 05:12 жеткенге чейин 05:47 Октябрь району, Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде “Субару Форестер” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
                                                                                                 Ош шаары
11.       12-АӨКБ

1 б

13-АӨКБ

1 б

85-ӨКБ

1 б

1бис 18:14

 

18:18

 

18:21

18:17

 

18:25

 

18:34

18:42 19:38 20:04

 

19:48

 

20:03

Кол өнөрчүлөр көчөсү №133, жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 48 чарчы метр  чатыры күйүп, өрт жанаша жайгашкан №135, 135а турак үйлөрдүн чатырына өткөн. Өрттүн кесепетинен 3 турак үйдүн жалпы 186 чарчы метр тунуке жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 4ствБ

Чүй облусу

12.       23-АӨКБ

1 б

1 10:43 10:55 11:26 14:20 Сокулук району, Сокулук айылы, Калинин көчөсү, таштанды таштоочу жайда таштанды күйүп, айыл өкмөтү тарабынан саат 22:20 да толук өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.       4-ӨКБ

1 б

1 12:06 12:16 12:35 14:10 14:25 Ысык-Ата району, Ивановка айылында ачык аянтта 10 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.       21-АӨКБ

1 б

1 12:44 12:48 12:58 13:06 Токмок шаары, Борончиев көчөсү №22, ачык аянтта 300 ч.м. куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
15.       5-ӨКБ

1 б

1 13:32 13:46 14:16 14:32 14:53 Кемин району, Орловка шаары, ачык аянтта 1,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
16.       22-АӨКБ

1 б

1 13:47 14:03 14:40 14:58 16:45 Жайыл району, Полтовка айылы, Октябрь көчөсүнүн жээгинде ачык аянтта 8 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
17.       1-ӨКБ

1 б

1 15:25 16:10 16:33 16:53 17:36 Аламүдүн району, Поливой айылы,  Трудовой көчөсү №27, ачык аянтта 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
18.       5-ӨКБ

1 б

1 16:12 16:24 16:49 17:05 17:23 Кемин району, Кемин шаарчасындагы парктын аймагында 1,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
19.       15-ӨКБ

1 б

22-АӨКБ

1 б

1 16:38

 

19:30

17:25

 

20:04

 

17:50 20:25 21:00

 

21:10

Москва району, Петровка айылы, ачык аянтта 38 га чабылган эгин талаасынын орду күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
20.       24-АӨКБ

1 б

1 16:43 16:45 16:59 17:09 17:18 Токмок шаары, №1 кичи районунда ачык аянтта 30 сотка куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
21.       4-АӨКБ

1 б

1 18:57 19:20 19:33 19:49 20:16 Аламүдүн району, Беш-Күнгөй айылы, Красная Звезда дачасы, Горький көчөсү №168, ачык аянтта 400 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
22.       24-АӨКБ

1 б

1 21:10 21:13 21:20 21:22 21:31 Токмок шаары, №3 кичи району, 7-үйдүн жанында, ачык аянтта 400 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
23.       28-АӨКБ

1 б

1 21:35 21:51 21:54 21:59 22:49 Аламүдүн району, “Сейил” эс алуу жайына жакын, Байтик айылына барчу жолдо “Опель-Зафира” үлгүсүндөгү женил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: жол кырсык.  1ствБ
24.       15-ӨКБ

1 б

 

1 22:44 жеткенге чейин 23:55 Москва району, Сретенка айылы, Калинин көчөсүндө куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
25.       15-ӨКБ

1 б

 

1 01:22 01:30 01:35 01:40 01:50 Москва району, Беловодск айылы, Ленин көчөсү №95, турак үйдүн короосунда 50 чарчы метр  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

26.       104-ӨКБ

1 б

1 09:47 09:52 10:00 10:25 10:37 Ноокат району, Көк-Жар айыл аймагы, Ала-Шам айылында жайгашкан турак үйдүн бөлмөсүнүн 10 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 1ствБ
27.       66-ӨКБ

1 б

1 09:49 09:53 09:58 10:31 10:46 Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айыл аймагы, Кара-Кулжа айылы, Келечек көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 2 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
28.       12-АӨКБ

1 б

1 б

1 11:36

 

11:38

11:42

 

11:47

11:51 13:06 13:32

 

13:06

Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Ишкаван айылы, жалпы аянтты 65 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ысык-Көл облусу

29.       19-АӨКБ

1 б

1 08:28 08:31 08:33 08:36 09:05 Балыкчы шаары, Парковый жана Ысык-Көл көчөлөрүнүн кесилишинде крандын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
30.       33-ӨКБ

1 б

 

1 16:29 16:55 17:15 17:25 18:15 Ысык-Көл району, Семеновка айылы, Горький көчөсүндө жайгашкан жер тилкесинде 2,4 га куураган чөп жана 50 түп алма бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

31.       16-АӨКБ

1 б

1 09:52 10:25 10:40 11:20 12:20 Нарын району, Дөбөлү айылы, Боронбаев көчөсү №8, турак үйдүн кооросунда 6 тонна жыйылган чөп жана курулуш материалдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

32.       65-ӨКБ

3-кут

65-ӨКБ

1 б

 

1 11:26

13:30

 

12:18

14:15

12:28 14:40 16:05

 

16:44

Сузак району, Атабеков айыл аймагы, Кара-Жыгач айылында ачык аянтта 8 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. кол каражат
33.       нефть база

1 б

55-ӨКБ

5-кут

1 13:56

14:20

14:10

14:47

14:49 16:00 16:00

 

16:44

Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, “Тоскол-Ата” токой чарбасына караштуу талаада 25 сотка куураган чөп жана таштандылар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

кол каражат

34.       81-ӨКБ

1 б

 

1 16:37 16:52 16:55 17:29 18:05 Чаткал району, Каныш-Кыя айыл аймагы, Айгыр-Жал айылы, Бексариев көчөсү №20, ачык аянтта 0,50 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
35.       54-ӨКБ

1 б

 

1 19:50 19:58 20:01 21:25 21:37 Сузак району, Көк-Жангак шаары, Көлмө айылы, ачык аянтта 50 сотка куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
36.       20-АӨКБ

1 б

1 00:50 01:09 01:15 02;15 02:30 Сузак району, Барпы айыл аймагы, Жаны айылы, Сүйүнбай у Х. көчөсү №21, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн жана сарайдын 84 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
37.       78-ӨКБ

1 б

1 03:03 03:22 03:34 04:06 04:33 Базар-Коргон району, Акман айыл аймагы, Акман айылы, Птица тилкесинде 1,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
38.       58-ӨКБ

1 б

1 03:28 03:36 жеткенге чейин 04:00 Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Женижок көчөсү №30, 34 батирдин электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу.

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болду:

Ош шаары

29-июль күнү саат 16:28 чамасында Жапалак айылындагы Ош-Араван каналына эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу (аты-жөнү такталууда) маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүзгүзүү үчүн  КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматы,  КР ӨКМнин РӨКО куткаруучулары тартылган.

30-июль күнү издөө иштери улантылат.

Ош облусу

Чоң-Алай районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, эс алганы келген И.И. 1974-жылы туулган (Орусия Федерациясынын жараны) 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып, саат 18:40та байланышка акыркы жолу чыгып, бирок ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес.

Аталган турист “Горы Азии” туристтик фирмасына катталган.

29-июль күнү издөө иштерине КР ӨКМден 6 куткаруучу тартылып, мындан тышкары «Ак-Сай-Трейвел» туристтик компаниясынан 6 куткаруучу жана туристтик компаниясынын өтүнүчү менен «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын 1 тик учак тартылган.

30-июль күнү издөө иштери улантылат.

Жалал-Абад облусу

Чаткал районунда 19-июль күнү Ак-Таш айыл аймагынын Чаткал дарыясына 1998-жылы туулган Н. уулу Б. аттуу эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Чаткал дарыясы окуя болгон жерден 800 метрден кийин Өзбек Республикасынын аймагына өтүп кетет.

29-июль күнү КР ӨКМнен 6 куткаруучу тартылып.

Саат 19:00 чамасында Өзбек Республикасынын аймагында Чаткал дарыясынан белгисиз эркек кишинин жансыз денесин табылып, Өзбек Республиканын ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп беришкен.

Жансыз денени таануу үчүн, маркумдун туугандары 30-июль күнү коңшу өлкөгө барышат.

 

Чүй облусу

Жайыл районунда 29-июлунда КР ӨКМнин №22 АӨКБ куткаруучулары Кара-Балта шаарынын 40 лет Киргизии көчөсүндө жайгашкан №7 үйүнүн 32-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинен 1964-жылы туулган М.Н. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Нарын облусу

Жумгал районунда 17-июль күнү Арал айылында Көкөмерен дарыясына 1964-жылы туулган А.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен.

29-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы КР ӨКМнин №43 ӨКБ, №44 ӨКБ 22 куткаруучу жана 5 суучул тартылган.

30-июль күнү улантылат.

Нарын шаарында 28-июль күнү Алма-Бак тилкесинде Нарын дарыясына 1958-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине КР ӨКМнен 21 куткаруучу тартылып, саат 15:25те маркумдун жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында 29-июлунда КР ӨКМнин ТКККнын №1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан куткаруучулар тартылып ЖЧК “Ж.Айтматов” шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

Ысык-Көл облусу

Тоң районунда 29-июлунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 140-чакырымында (Боом капчыгайы) көлөмү болжол 1,5м3 шагыл аралаш таш түшүп «Тойота-Виш» унаасына тийген, жабыркагандар жок.

Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 3 куткаруучу жана Балыкчы шаардык №19 АӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

 Тазалоого №32 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып жол каттамы тазаланган. Ал эми айдоочу унаасын эвакуатор менен алып кеткен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here