Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында шагыл аралаш таш түшүп, жолдо бараткан унаа жабыркады

0
32 просмотров

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 29-июлунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 140-чакырымында (Боом капчыгайы) көлөмү болжол 1,5м3 шагыл аралаш таш түшүп «Тойота-Виш» унаасына тийген, жабыркагандар жок.

Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 3 куткаруучу жана Балыкчы шаардык №19 АӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

 Тазалоого №32 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып жол каттамы тазаланган. Ал эми айдоочу унаасын эвакуатор менен алып кеткен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here