Чаткал дарыясына чөгүп кеткен адамдын денеси, Өзбекстанда табылды

0
34 просмотров

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 19-июль күнү Ак-Таш айыл аймагынын Чаткал дарыясына 1998-жылы туулган Н. уулу Б. аттуу эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Чаткал дарыясы окуя болгон жерден 800 метрден кийин Өзбек Республикасынын аймагына өтүп кетет.

29-июль күнү КР ӨКМнен 6 куткаруучу тартылып.

Саат 19:00 чамасында Өзбек Республикасынын аймагында Чаткал дарыясынан белгисиз эркек кишинин жансыз денесин табылып, Өзбек Республиканын ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп беришкен.

Жансыз денени таануу үчүн, маркумдун туугандары 30-июль күнү коңшу өлкөгө барышат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here