2019-жылдын 31-июлу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
87 просмотров

 Шашылыш билдирүү: республиканын аймагында ченемден тышкары абанын температурасы жогорлашы күтүлөт!

2019-жылдын 1-3-августунда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 30-июлдан 3-августка чейин 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 25-июль күнү №02-34/690-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

Нарын облусу

Ак-Талаа районунда 30-июлунда саат 09:20 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунун 35-чакырымында (Үгүт айылы) «Тойота-Ипсум» жана «Нисан-Сефиро» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 аял киши (1965-жылы туулган Д.Т. жана 2018-ж.т. Р. кызы А.) каза болгон жана 10 адам ( 8 эркек: 1977- жылы туулган У.М., 2012-жылы туулган М.А., 1992- жылы туулган К. уулу Р., 1961-жылы туулган Ш.К., 2015-жылы туулган Р уулу У., 2017-жылы туулган Р уулу М., 2017- жылы туулган Р. уулу У жана 2018-жылы туулган Р. уулу М., 2 аял: 1978-жылы туулган Ч.Б., 1995-жылы туулган Э. кызы К.) жабыркаган.

КР ӨКМдин №47 ӨКБдан куткаруучулары каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 

 

2019-жылдын 31-июль күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу районунда 2019-жылдын 30-июль күнү саат 17:30 чамасында Октябрь айыл аймагынын Жолголот айылында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдан суу ашып, кыш (кирпич) чыгаруучу заводдун аймагын каптаган.

Жеринде ыкчам чара көрүү максатында КР ӨКМдин Ак-Суу райондук ыкчам тобу, кыш чыгаруучу заводдон 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылып,  сел өтүүчү каналдын тосмолору тазаланды.

31-июль күнү селдин кесепетерин жоюу иштери улантылат.

 

                    I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.    КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 30 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 35 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 6-АӨКБ

1 б

1 10:24 10:36 10:39 10:46 11:09 Ленин району, Муромск көчөсү №52, ачык аянтта 300 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
2. 5-АӨКБ

1 б

1 17:50 18:09 18:18 Октябрь району, Лев Толстой жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде куураган чөп күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган жок.
3. 4-АӨКБ

1 б

1 17:55 17:57 18:06 18:14 18:21 Ленин району, Лев Толстой жана Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде 200 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол

кар-т

4. 6-АӨКБ

1 б

1 21:47 22:30 22:41 Ленин району, Ахунбаева жана Баха көчөлөрүнүн кесилишинде куураган чөп жана дарак күйгөн деген маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган жок.
5. 5-АӨКБ

1 б

1 23:24 23:31 23:46 00:25 00:48 Биринчи Май району, Логвиненеко көчөсү, ачык аянтта 100 чарчы метр  куураган чөп күйгөн. Өртүн себеби: такталууда. 1 ствБ

кол кар-т

6. 28-АӨКБ

1 04:18 04:35 04:00 05:35 06:07 Ленин району, Чоң-Арык айыл аймагы, Панорама тоосунун түндүк тарабы, ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Чүй облусу

7. 24-АӨКБ

1 б

1 10:10 10:45 12:30 12:50 14:07 Чүй району, Кегети айылы, Конокбай көчөсү №76, короодо 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
8. 4-ӨКБ

1 б

1 11:06 11:09 11:39 12:41 12:57 Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү №1, ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
9. 7-АӨКБ

1 б

3-АӨКБ

1 б

1 12:06

 

12:29

бузулду

13:09

 

13:28

 

 

13:40

13:38

 

14:24

Аламүдүн району, Учкун-2 конушу, аянты 5 га чабылган арпа талаасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

кол кар-т

10.       15-ӨКБ

1 б

1 12:15 12:21 12:30 12:45 13:10 Москва району, Ак-Суу айылы, Проездной көчөсү №18, турак үйдүн 12 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 1 ствБ
11.       5-ӨКБ

1 б

1 13:45 14:03 14:35 15:05 15:35 Кемин району, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 103-чакырымында ачык аянтта 5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
12.       27-АӨКБ

1 б

1 14:10 14:14 14:21 14:32 14:45 Ысык-Ата району, Кант шаары, Гагарин көчөсү, ачык аянтта 100 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
13.       23-АӨКБ

1 б

1 14:13 15:18 бөлүм жеткенге чейин 17:20 Сокулук району, Төш-Булак айылы, эгин тааласында 4 га чабылган эгин орду күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
14.       5-ӨКБ

1 б

1 14:26 14:28 14:36 14:50 15:06 Кемин району, Кемин шаары, Бозоев көчөсү №161, ачык аянтта 0,15 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

 

15.       22-АӨКБ

1 б

1 15:36 15:42 15:47 15:54 16:06 Жайыл району, Кара-Балта шаары, Калинин көчөсү №3, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
16.       1-ӨКБ

1 б

1 б

1 17:28

17:45

17:35

17:55

18:41 20:00 19:30

20:10

Аламүдүн району, Ленин айылы, Восточная көчөсү №169 дарегинде, турак үйдүн жана 2 гараждын 150 чарчы метр чатыры, гараждын ичиндеги “Оpel” унаасы толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган С.А. жабыркап №4 ооруканага жеткирилген.  Өрттүн себеби: такталууда. 2 ствБ
17.       24-АӨКБ

1 21:25 21:28 21:35 21:55 22:05 Токмок шаары, 3-кичи району, иштебеген бала бакчанын короосунда 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. кол

кар-т

18.       2-ӨКБ

1 б

1 22:32 23:00 23:15 23:21 23:40 Панфилов району, Панфилов айылында талаады 0,50 га чабылган эгин орду жана 1,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
19.       2-ӨКБ

1 б

1 05:05 05:15 05:30 05:40 05:55 Панфилов району, Панфилов айылы, Осмонкулов көчөсү, ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

кол кар-т

Ош облусу

20.       71-ӨКБ

1 б

1 13:26 13:37 13:47 15:12 16:00 Ноокат району, Зулпуев айыл аймагы, Өсөр айылы, М.Нарбаев көчөсү № 65, жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 96 чарчы метр чатыры  жана 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
21.       104-ӨКБ

1 б

1 15:25 15:41 15:50 16:17 17:02 Ноокат району, Төлөс  айыл аймагы, Кеңеш айылы, Т.Матиев көчөсү №28, короодо 0,12 га куурган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
22.       102-ӨКБ

1 б

1 15:32 15:34 бөлүм жеткенге чейин 16:07 Кара-Суу району, Нариман  айыл аймагы, Нариман айылы, ачык аянтта куураган чөп күйгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.  Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
23.       53-ӨКБ

1 б

1 21:12 21:36 21:41 22:11 23:30 Өзгөн району, Зергер  айыл аймагы, Токтогул айылы,  Арылат тилкесинде   «Audi-80» унаасы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыса туташуусу. 1 ствБ

Жалал-Абад облусу

24.       83-ӨКБ

1 б

1 16:03 16:16 16:16 16:40 16:55 Майлуу-Суу шаары, Сыдыков көчөсү №20, кампанын жыгач устунду шифер жабылган 25 чарчы метр чатыры жана 1,5 куб. отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
25.       97-ӨКБ

1 б

1 19:53 20:02 20:10 21:13 21:27 Токтогул району, Жаңы-Жол  айыл аймагы, Живпром айылы, ачык аянтта 15 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
26.       78-ӨКБ

1 б

65-ӨКБ

4 кут.

1 19:56

19:57

20:16

20:18

жеткенге чейин 20:51

20:40

Сузак району, Ырыс айыл аймагы, Сасык-Булак тилкесинде 0,10 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталуда. 1 ствБ
27.       73-ӨКБ

1 б

1 01:03 01:19 01:22 03:40 04:15 Ала-Бука району, Ак-Коргон  айыл аймагы, Ак-Коргон айылы, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 98 чарчы метр чатыры жана  2 тонна саман, 250 түк чөп, 1,5 тонна кык күйгөн. Өрттүн  себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 2 ствБ

Баткен облусу

28.       62-ӨКБ

1 б

1 14:50 15:00 15:30 15:40 15:50 Кызыл-Кыя шаары, Саханов көчөсү №26/1, ачык аянтта 10 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
29.       62-ӨКБ

1 б

1 17:44 17:55 Кызыл-Кыя шаары, Караван айылы, Шүкүрбеков көчөсү №3, үйдүн жанында куураган чөп күйүп жатат деген маалымат тушкөн. Маалымат тастыкталган жок.

Нарын облусу

30.       42-ӨКБ

1 б

1 15:35 16:00 16:20 16:30 17:00 Кочкор району, Кара-Саз айылы, Батай-Ашым көчөсү, электр чордону күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1 ствБ

 

31.       16-АӨКБ

1 б

1 17:26 17:31 17:33 17:39 17:57 Нарын шаары, РТФ, Молдоева көчөсү, №83 үйдүн жанында 5 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Талас облусу

32.       100-ӨКБ

1 б

1 16:12 16:32 17:00 17:15 18:00 Манас району, Покровка айылы, жолдун жээгинде 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Ысык-Көл облусу

33.       15-АӨКБ

1 б

1 19:40 19:45 19:52 20:00 20:20 Каракол шаары, Туманова көчөсү №76, үйдүн жанында 40 чарчы метр куураган чөп жана дарак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 9 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Свердлов районунда 30-июлунда саат 19:08де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ж. Абрахманов көчөсүндө жайгашкан №97 үйүнүн 24-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Биринчи-Май районунда 30-июлунда саат 19: КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Токтаналиев көчөсүндө жайгашкан №6 үйүнүн 98-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

Жапалак айылында 29-июль күнү Ош-Араван каналына эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу (аты-жөнү такталууда) маалымат түшкөн.

30-июль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучу тартылып, саат 12:30да суунун деңгээли чоң болгондугуна байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду.

31-июль күнү Суу чарба башкармалыгы тарабынан каналдагы суу убактылуу токтотулуп, издөө иштери улантылат.

Ош облусу

Чоң-Алай районунда 1974-жылы туулган И.И. аттуу Орусия Федерациясынын жараны эс алганы келген. 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып,  саат 18:40та акыркы жолу байланышка чыгып, ошол бойдон байланышка чыккан эмес (“Горы Азии” туристтик фирмасына катталган).

29-июль күнү издөө иштерине КР ӨКМден 6 куткаруучу, «Ак-Сай-Тревел» туристтик компаниясынан 6 куткаруучу жана туристтик компаниянын өтүнүчү менен «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын 1 тик учак тартылган.

30-июль саат 07:40та кошумча КР ӨКМнин РӨКОдон 4 куткаруучу жөнөп кетишкен жана саат 14:30да 1-лагерге жетишкен. Мындан сырткары Ак-Сай-Тревел туристтик компаниясынан 6 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүшкөн. Саат 17:30 чамасында 6300 метр бийиктикте Иванов И.С. таандык сумка жана визитка табылган. 30-июль күнү КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан саат 20:30 чамасында 12 куткаруучу Ленин чокусуна кошумча жөнөтүлүп,  31-июль күнү саат 04:50дө жетишкен, КР ӨКМден жалпы 22 куткаруучу тартылды.

Жалал-Абад облусу

Сузак районунда 30-июлунда саат 14:58 чамасында Барпы айыл аймагынын Канды айылында каналга 1962-жылы туулган К.А. атуу эркек киши чөгүп кеткен.

КР ӨКМнин №58 ӨКБ куткаруучулары жеткенге чейин жергиликтүү тургандар маркумдун жансыз денесин каналдан чыгарып алышкан. Куткаруучулар тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Жалал-Абад шаарынын 30-июлунда саат 16:03тө  КР ӨКМнин №58 ӨКБ куткаруучулары Кашкин туюк көчөсүндө жайгашкан №8 үйүнүн 2-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Жумгал районунда 17-июль күнү Арал айылында Көкөмерен дарыясына 1964-жылы туулган А.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен. 30-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы 21 куткаруучу жана 5 суучул тартылды.

31-июль күнү издөө иштери улантылат.

Нарын шаарында 30-июлунда саат 14:20да Ленин көчөсүнүн №103/3 облустук статистика мекемесинин жер төлөөсүнө ит түшүп кеткен.

КР ӨКМнин №16 ӨКБ куткаруучулары итти чыгарып беришкен.

 

Маалымат үчүн

Чаткал районунда 19-июль күнү Ак-Таш айыл аймагынын Чаткал дарыясына 1998-жылы туулган Н. уулу Б. аттуу эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Чаткал дарыясы окуя болгон жерден 800 метрден кийин Өзбек Республикасынын аймагына өтүп кетет.

29-июль күнү Өзбек Республикасынын ӨКМнен 6 куткаруучу тартылган.

Өзбек Республикасынын аймагында саат 19:00 чамасында Чаткал дарыясынан белгисиз эркек кишинин жансыз денесин табылып, Өзбек Республикасынын ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

30-июлунда жансыз денени таануу үчүн, маркумдун туугандары коңшу өлкөгө барышып, жогорудагы сууга аккан адамды аныкташып, маркумдун жансыз денесин туугандары Кыргызстанга алып келишти.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here