Ак-Суу районунда кыш чыгаруучу заводдун аймагын сел каптады

0
40 просмотров

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2019-жылдын 30-июль күнү саат 17:30 чамасында Октябрь айыл аймагынын Жолголот айылында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдан суу ашып, кыш (кирпич) чыгаруучу заводдун аймагын каптаган.

Жеринде ыкчам чара көрүү максатында КР ӨКМдин Ак-Суу райондук ыкчам тобу, кыш чыгаруучу заводдон 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылып,  сел өтүүчү каналдын тосмолору тазаланды.

31-июль күнү селдин кесепетерин жоюу иштери улантылат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here