Нарын облусунда жээк эрозиясын токтотууга багытталган авариялык калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө

0
42 просмотров

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылындагы Шырдакбек сайынын жээк эрозиясын токтотуу жана суунун нугун буруу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сайдын жээгин бекемдөө жумуштарынын проектисинин долбоору  даярдалып, Чолок-Кайын айылынын Шырдакбек сайынын жээгин 200 метр аралыгын бекемдөө каралган.

Авариялык калыбына келтирүү жана капиталдык курулуш боюнча 2019-жылдын “Болжолдуу-планына” сунушталып, 200 метр дамба куруу башталып, 2019-жылдын 29-июль күнү жумуш толугу менен бүткөрүлдү.

Аткарылган жумуштун негизинде 17 турак-жай, чарбалык курулуштары менен, айылдын ички унаа жолдору корголду.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here