Конкурска катышыңыздар

0
97 просмотров

КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, төмөнкү административдик мамлекеттик бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт:

Мониторинг жана техникалык көзөмөл бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

(1 бир., Бишкек шаары):

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдер, химия, өзгөчө кырдаалдарда коргоо.

  1. Кызматтык милдеттери:
  • калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктарды коопсуз абалга келтирүү боюнча иш чараларды иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
  • калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктардын радиологиялык жана гидрогеологиялык абалына көзөмөл жүргүзөт;
  • калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктардагы күтүлүүчү кырсыктарды жоюу мерчемдерин иштеп чыгууга катышат.

        Инвеcтиция тартуу жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  (1 бир., Бишкек шаары):

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, багыты боюнча: курулуш, тоо иштери, өзгөчө кырдаалдарда коргоо, геодезия жана жерге жайгаштыруу.

  1. Кызматтык милдеттери:
  • долбоорлорду ишке ашырууда калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктарга ыкчам жана мерчемдик изилдөөнү жүргүзөт;
  • долбоорлорду ишке ашырууда радиациялык-коркунучтуу өндүрүштөрдүн, объектердин техникалык жана радиациялык коопсуздук абалына талдоо жүргүзөт;
  • калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктардагы күтүлүүчү кырсыктарды жоюу мерчемдерин иштеп чыгууга катышат.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-эмгек стажына талаптар коюлбайт.

  1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү  документтерди берүү зарыл:

— жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт;

— паспорттун көчүрмөсү;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтер.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204.

Документтерди кабыл алуу кулактандыруу жарыяланган күндөн баштап он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Маалыматтарды кеңири билүү үчүн (03222) 7-01-45, 0770 88 99 телефонуна кайрылса болот.

Конкурска өткөрүү күнү жөнүндө кошумча кабар берилет.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here